Жусуп Баласагын — өмүр баяны

© Фото / Жоомарт УраимовЖусуп Баласагындын айкели. Архив
Жусуп Баласагындын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жусуп Баласагын — дүйнөлүк руханий маданияттын ири өкүлдөрүнүн бири.

Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын 1015-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1016-жылы Карахандар каганатынын Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан биринчи борбору — Баласагын шаарында туулган.

Чыгаан акын, комузчу, ойчул, күүчү, обончу Арстанбек Буйлаш уулу - Sputnik Кыргызстан
Арстанбек Буйлаш уулу — өмүр баяны
Жусуптун өмүр баяны жөнүндө азырынча толук маалыматтар жокко эсе. Бирок, автор өзү жөнүндө жазып кеткен кээ бир фактыларды анын "Кутадгу Билиг" ("Кут алчу билим") поэмасынан кездештирүүгө болот. Окумуштуу Р. Араттын эсеби боюнча поэманы жазып бүткөн мезгилде Жусуп 54 жашта болгон. Ал поэманы Баласагын шаарында баштап, 1067-1070-жж. Кашкарда аяктап, баш аягы 18 айда бүтүргөн, хандын ханы деп аталган Кашкар шаарынын башкаруучусу Тавгач Буура Карахан Абу-Али-Хасанга тартуу кылган. Ал поэманын терең мазмунун түшүнүп, алкыш иретинде акынга "Улуг-Хасс-Хажиб" деген наам берген. Мунун мааниси "Хасс" арабча хан сарайдагы урматтуу адамдардын бири, ал эми "Улуг-Хасс-Хажиб" хан ордосунда кызмат өтөгөн өтө кадырман адамдын наамы.

1069-1070-жылдары Жусуп Баласагын жазган түрк тилиндеги "Кутадгу билиг" ("Куттуу билим") эмгеги дүйнөнүн көп тилдерине которулган. 

Азыркы учурда Жусуптун "Кутадгу билиг" поэмасынын үч нускасы сакталып турат. Бир нускасы Вена шаарында (Австрия) сакталуу. Египеттин борбору Каир шаарында сакталып турган экинчи нуска 1986-ж. табылган.

Ал эми Намангандан табылган үчүнчү нускасы азыр белгилүү болгон нускалардын эң толугу болуп эсептелинет. Эстеликтин үчүнчү нускасы азыр Өзбекстан Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондунда сакталууда. Наманган жана Каир шаарларынан табылган нускалар араб ариби менен жазылган.

Чыгарма чыгыш маданиятында кеңири тараган санат-насыят маанисиндеги этикалык-дидактикалык эмгек. Дастан карахандар мамлекетин башкаруучу хандарга, бектерге, кол башчыларга арналып жазылгандыктан, алардын элге талыкпай кызмат кылышын, ошону менен эле катар бийлигинин чыңдалышын жана анын бекем болушун көздөгөн гуманитардык идея да жүзөгө ашкан.

Бул чыгарма – дүйнөлүк руханий мурастын, түрк адабиятынын, маданиятынын жана илиминин залкар эстелиги. Кыргыздар жана башка түрк эли "Кутадгу билиг" эмгегин өздөрүнүн жазма адабиятынын алгачкы түрк-мусулмандык шедеври деп эсептейт.

"Кутадгу билиг" Карахандар мамлекетиндеги адамдардын турмуш-тиричилиги жана социалдык түзүлүшү жөнүндө бай маалыматтарды камтыгандыктан, башкарууну түрк элинин жана мусулман маданиятынын бийик руханий-адеп-ахлактык принциптери менен шайкеш келтирген, мамлекетти башкаруунун теориясы жана практикасы тууралуу энциклопедиялык трактат катары өзгөчө бааланат. 

Манасчи, дастанчи и общественный деятель Жусуп Мамай - Sputnik Кыргызстан
Жусуп Мамай — өмүр баяны
Жусуп Баласагын мындан миң жыл мурда эле ар бир адамды өзүнүн диний ишенимдерин жеке тагдыры үчүн гана эмес, коомдун биримдиги жана мамлекеттин бүтүндүгү үчүн болгон жоопкерчиликке да шайкеш кылууга чакырган. Анын идеялары кыргыз мамлекеттүүлүгү чоң сыноодон өтүп, кайра жаралуу мезгилин башынан кечирип жаткан азыркы мезгилде да актуалдуу болууда.

"Куттуу билим" чыгармасы ыр жана кара сөз менен жазылган. Кириш сөзүндө Байыркы Чыгыш акындарынын чыгармаларына өтө эле мүнөздүү болгон асман менен жерди, тоо менен түздү, суу менен деңизди, жылдыз менен күндү жана башкаларды даңазалаган салттуу мотив бар. Поэма жазылган мезгилдин саясий, социалдык-тарыхый өзгөчөлүгүн эске алуу керек. Карахандар мамлекети өз ичине Мавераннахр менен Чыгыш Түркстанды камтып, бир нече уруулардын тобунан, алсак, уйгурлар, карлуктар, аргу менен түргөштөр, ягма жана башкалардан турган. Мына ушул уруулардын баарын бириктиргенде түрктөр деп аталышып, жашап келишкен. 

Булардан тышкары огуздар менен кыпчактар батышты көздөй сүрүлүп, Сыр-Дарыянын жээктерине чейин кирип келип, чоң аймакты ээлешип, тарыхта "Дашти кыпчак" түзүлгөн. Карахан мамлекетине баш ийген уруулар өз бетинче акимдиктерге бөлүнүп жашашкан. Ал жерди басып алуу менен Карахандар мамлекети Батыш жана Чыгыш хандыктарга бөлүнүп кетет, ошентип эки кандык пайда болгон. Жети-Суу өрөөнү менен Чыгыш Түркстан чыгыш кандыгын түзүп, анын борбору Баласагын шаары болуп калган. Кийин борбор Кашкар шаарына ооп кетет. Ал эми Мавреннахр батыш кандыгын түзүп, өз алдынча жашоого өткөн. Бул абал мамлекеттин тарап кетишине коркунуч туудурган баш аламандыкты, башкаруудагы баш аламандыкты алып келет. Уруу башчылары, бектер бийлик үчүн бири-бири менен тирешкен. Жогорудагы тарыхый кырдаал баласагындык Жусуптун "Кут алчу билим" поэмасынын жазылышын шарттаган.

Улуу ойчулдун чыгармасынан көрүнүп тургандай, орто кылымдардын эң билимдүү, энциклопедиялык масштабда ойлонгон инсандарынан болгон. Ал илимдин ар тармагын өздөштүрө алган. Мисалы, астрономия, математика, медицина. Ошондой эле адабият, тарых, философия, эстетика. Этика маселелерин, араб жана иран-тажик поэзиясын, түрк, фарси фольклорун эң мыкты билген. Анын чыгармасынын "Манас" эпосу менен үндөшкөн жерлери жана кыргыздын макал-лакаптары, учкул сөздөрү арбын пайдаланылат.

Бул жанрдын тарыхы байыркы Египет, Индия, Иран адабияттарынан башталып, кийин жалпы чыгыш элинин жазуу, оозеки адабиятында салттуу формасына айланган. 

"Кут алчу билимди" изилдөөчүлөрдүн бири А.Н. Кононов поэманы эпостук деңгээлдеги чыгарма катары баалап, анда адам өмүрүнүн маанисин жана маңызын, адамдын коомдогу жүрүш-турушун, карым-катыш мамилелерин, даанышман ойчулдун коомуна карата философиялык көз карашын баса белгилеп көрсөтөт. Анда эпикалык мазмунду көрсөткөн негизги төрт түшүнүктү түзөт.

Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Айтматов — өмүр баяны
Адилеттик, акыл-эс, бакыт, каниеттик — бул түшүнүктөр конкреттүү каармандардын образдары аркылуу берилген. Өкүмдар Күнтууду — адилеттик, вазир Айтолду – бакыт, вазирдин уулу Акдилмиш — акыл-эс, вазирдин иниси Өткүрмүш — каниеттик. Көрүнүп тургандай, поэманын персонаждарынын ысымдары аллегориялык-символикалуу мааниге ээ. Алар адам өмүрүндөгү эң бир өзөктүү да, өнөрлүү да рухий дөөлөттөрдүн этикалык-философиялык көркөм образдуу символу. Ойчул окууну, билимдүүлүктү дүйнө таанып билүүнүн эң негизги жолу катары баалайт. Окуу менен гана адам баласы акылын арттыра алат дейт акын.

Демек, Жусуп Баласагын табияттан берилген касиетти адам өз өмүрүндө аны окуу, үйрөнүү, үлгү алуу сыяктуу жолдору менен гана байыта алаарын айткан. Албетте, ойчул акын акылды адептүүлүк жолун тутуунун бирден-бир зарыл шарты деп эсептеген. Билимдүүлүк, билгичтик урмат-сыйдын да белгиси, билимдүү адам деп жолун сактаса, анда ал жогорку сыйга татыктуу. Билимдин деңиз сымал түбү да жок, чеги да жок, аны канча сүзсөң да бөксөрбөйт, тескерисинче толо берет.

Билимсиз жүрөк, тилдин пайдасы жок,
Билим, өнөр өмүргө суудай керек.
Билимдүү түйшүктөнүп ойлоп жүрөт,
Билимсиз ой жүгүртпөй ойноп-күлөт.

Жогорудагы саптар ойдун ээсинин терең билимдүүлүгүнө, даанышмандыгына күмөн санаттырбайт. Поэмада автордун философиялык терең ой-жүгүрткөн маселесинин бири — адамзатынын бактысы жөнүндө болгон. Поэмада адам бактысын нравалык идеал катары баалаганын көрсөк каршылыктуу диалектикасына кеңири токтолуп, ар бир инсан өз өмүрүн адептүү касиеттерге ээ болгондо гана ошол нравалык идеалга жете алат деген тыянакка келет.

Мындан сырткары аталган чыгармада жалпы адамзаттык ой-пикирди камтыган дүйнөдөгү ар кандай мамлекет жана элге жаккан нар алып өзүн гүлдөндүрүүнүн жолун таба ала турган идеялар көпчүлүк орунду ээлейт. Ар түрдүү кесиптеги адамдарды, илим, билимди, ыймандуулукту, адилеттүүлүктү, акылды, абийирдүүлүктү, чынчылдыкты, ынсаптуулукту, эмгекчилдикти даңазалайт да, ал аркылуу адамдарды мыкты сапаттарга ээ болууга үндөйт.

Мисалы:

Ким китепти окуй билсе күтүнө,
Эки дүйнө жарык берер ишине.
Илим менен — кырсык, кемтик түзөлөт,
Билим менен — эл кыйыры бүтөлөт.
Билим болсо — жан кыйышпас дос саган,
Илим болсо — кесиптешиң, кошунаң.
Тагдыр катаал болбойт десең өзүңө,
Тилиң тиштеп, сак болгунуң өзүңө.
Адамдын адаштырар көп душманы,
Аларга жакындаса бузат аны.
Бир душман — тили болот айтаар ушак,
Да бири — кур убада тарткан тузак.
Үчүнчү — ичимдикке берилгендик,
Белгилүү анын арты тирүүлүк,
Дагы бир жаман сапат — оройлугуң,
Бүтүндөй жүргөн жери — чатак мунун.
Да бири — заар сөзүң көңүл калат,
Жаныңдан адамдарды кууп салат.
Болсо эгер пендесинде мунун баары,
Анда анын өмүр бою куураганы.
Жаштык өтөт, өмүр өтөт элирген
Бу дүйнө — түш, сен да өтөсүң өмүрдөн.
Өмүрүңдү ата журтка арнасаң,
Жыргап-куунап кор болбойсуң эч качан.
Бактылуум, дөөлөтүңө чиренбегин,
Балаадан алыс болуп жүрсөм дегин.
Аккан суу, жүргөн желдей бакыт турбайт,
Эч качан айланпасы анын тынбайт.
Бакыт — кут өзгөрүлмө, бапаа болбойт,
Жылмышып жерге түшүп, учса — конбойт.
Кут бир келет — бакпасаң кетип калат,
Бак бир конот — үйлөсөң өчүп калат.
Бакытка колуң жетсе карма бекем,
Бошотсоң сага экинчи келбейт ишен.
Ажал — бул тирүүлөргө ачык эшик,
Тирүүлөр кутулган жок качып өтүп.
Оюңда ишти жашырбай — элге салгын,
Ар ишти жүрөк менен тандап алгын.
Ишенгин жалгыз гана өзүңө өзүң,
Чыкпасын башкаларга ашык сөзүң.

Буга окшогон гуманитардык ар катмардагы ар бир элге жаккан акыл-ой түрмөктөрү "Кутадгу билигде" өтө эле көп кездешет.

Ошондой эле, ал чыгармасында саясат, илим, билим менен гана чектелбестен жаштарга, бойдокторго дагы бир катар насааттарын калтырган.

Аял алуу кааласаң эгер өзүң,
Жакшы танда, өтө өткүр болсун көзүң.
Теги дурус,абийирдүү, болсун ак кыз,
Уяттуу,таза,эстүү жана айыпсыз.
Ата-теги өзүңдөн болсун төмөн!
Атактууга куч күйөө болосун сен!
Жүзү эмес, көңүлү сулуу болсун,
Сени дагы тазартат пейли кенен!
Аласыңбы аялды, билгин анда,
Төрт түрүн эске тутуп, анан карма.
Бири жүрөт бай кызга үйлөнсөм деп,
Да биринин — сулуудан көзү өтөт!
Үчүнчүсү тектүүнү самап келет,
Кекирейме адаты болуп себеп!
Төртүнчүсү эстүүнү издеп жүрөт,
Таптыбы — түбөлүккө кошот тилек.
Булардын кимиси артык — кеңеш берем,
Аласыңбы аялды — уккунуң сен.
Кулак сал, бай аялды көксөгөнүм,
Кул болуп байлык-мүлккө калба өзүң!
Андайлар ач көз болот, алкымы ачык,
Тойгузуу кыйын болор байлык ташып!
А силер, азгырылган сулууларга,
Элге күлкү, шакаба болуп калба!
Сулууларга түшөт да көптүн көзү,
Кудай колдоп напсисин тыйса дечи!
Тектүү кызды самаган кекиреймем,
Тек астына тепселип калбагын сен!
Тектүү жердин кызынын тили узун,
Катыныңа кул болуп калба өзүң.
Акылдуу кызды тапсаң карап турба,
Төрт сапаттын бардыгы болот анда!
Таптыңбы акылдууну — шашыл дароо,
Үйлөнүп ал, табылгыс бакыт ошо.
Тилегиң байлык болсо, аял жыят,
Байлык артып, бакытка үйүң тунат.
Абийирдүүбү аялың — сулуу ошо,
Аял сулуу көңүлү изги болсо.
Акылдуу, таза бекен — демек асыл,
Үч сапатты чогултуп баккан ушул.
Аялдын акылдуусун тапсаң эгер,
Төрт тарабы сапаттын болот түгөл!
А эгер акылдуунун тапсаң бирин,
Эч токтолбой, кутманым, үйлөнгүнүң.

Свякбай Каралаев - Sputnik Кыргызстан
Саякбай Каралаев — өмүр баяны
Жусуп Баласагын айткан сөзү менен аткарган ишинин, тактап айтканда адамдын сырткы жана ички дүйнөсүнүн дал келишине да атайын токтолгон. Анын ою боюнча адамдын нарктуулугунун бир белгиси сөзү менен ишинин төп келгендиги. Андай адамга башкалар эки дүйнөдө ыраазы дейт ал. Ал эми сөзү суу кечпеген тантыкты, кадыры жок калпычыны автор нарксыз, адепсиз жандар деп баалайт. "Сөзүм өлгүчө өзүм өлөйүн" деген кыргыз ылакабы да буга күбө. Адамдардын адеп-ахлактык касиеттеринен болсо жөнөкөйлүктү жана кичипейилдикти ашкере баалаган. "Кут алчу билимдин" башынан аягына чейин автордун жөнөкөйлүк жана кичипейилдик, мээрмандык тууралуу омоктуу ойлору көп ирет кайталанып айтылат.

Ошондой эле, ал адамдын адамгерчилик сапатына дүйнөсүнө мүнөздүү болгон көтөрүмдүүлүк, сабырдуулук сыяктуу сансыз көп нарктуу касиеттердин артыкчылыгын айтуу менен, мактанчаактык, шашмалык, сараңдык сымал сапаттарды кара мүртөз жандарга мүнөздүү деп жектейт. Гуманист ойчул улууларды урматтап сыйлоо сыяктуу изгилүү касиеттер алды менен үй-бүлөдө, ата-эненин тарбия таалими менен калыптана тургандыгын айрыкча бөлүп айткан. Үй-бүлө куруу, балалуу болуу адам өмүрүндөгү эң чон бакыт. Балалуу болгон соң ата-эненин өздөрү үлгүлүү жүрүш-турушту тутушу жөн. Анткени "уядан эмне көрсө, учканда ошону алат" дегендей, атаны көрүп уул, энени көрүп кыз өсөт. Ушул салттуу адеп жолун сап туткан тубаса философ ойчул ата-энеден тарбия көргөн балдар бактылуу болорун, балдары акыл-эстүү болсун деген ата-эне аларга жаштайынан билим берүүсү зарыл экендигин чыгармасында баса белгилеген.

Жусуп Баласагын 55 жаш курагында 1075-жылы дүйнөдөн кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0