Музуралиев Канатбек Байсарыевич. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековЛидер фракции "Республика" Канатбек Музуралиев
Лидер фракции Республика Канатбек Музуралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канатбек Музуралиев1978-жылы 14-апрелде төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 2004-жылы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Кийин аталган университеттен экономика жана ишкана башкаруу адистиги боюнча экинчи ирет билим алган. Ошондой эле Кыргыз техникалык университетинен электр энергетикадагы менеджмент боюнча билимин жогорулаткан.

Эмгек жолун "Мунай Мырза Ойл" ЖЧКсында ага операторлуктан баштап, кийин май куюучу жайдын жетекчиси болгон.

  • 2006 — 2007 — "Газпром Нефть Азия" ЖЧКсынын бир нече май куюучу жайларынын жетекчиси;
  • 2007- 2008 — "Риом авто" машина базарынын директор орун басары;
  • 2008 – 2009 — "Мунай Мырза Инвест" ЖЧКнын директорлор кеңешинин мүчөсү;
  • 2008 — 2011 — "Алекра" күзөт-детективдик агенттигинин директор орун басары;

2011-жылдан тарта "Манас" эл аралык аэропорт" ААКтын Бишкек филиалынын авиациалык коопсуздук кызматынын кароо бөлүмүнүн жетекчиси;

2012-жылдан бери Бишкек шаардык кеңештин депутаты жана "Республика" фракциясынын лидери болгон. Ошондой эле 2013-жылдан 2015-жылга чейин социалдык иштер боюнча комиссиянын, 2015-жылдан тарта регламент, укук жана укук тартиби маселелери комиссиясынын туруктуу мүчөсү.

2016-жылдын 30-декабрында Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0