Назаркул Ишекеев — өмүр баяны

© Фото / Жээнбек ЭралиевПредседатель Национальной комиссии по государственному языку Назаркул Ишекеев
Председатель Национальной комиссии по государственному языку Назаркул Ишекеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал 1955-жылы 18-февралда Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүндө туулган. 1971-жылы орто мектепти аяктаган. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университеттин филология факультетинин кыргыз тил жана адабият бөлүмүн бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1976-77 — мектепте мугалим жана республикалык "Ленинчил жаш" гезитинин адабий кызматкери;
  • 1977-79 — Кыргыз мамлекеттик университеттин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын окутуучусу;
  • 1979-82 — күндүзгү окуу бөлүмүнүн аспиранты;
  • 1995-2007 — Улуттук университеттин кыргыз филология факультетинин деканы;
  • 1996-98 — Улуттук аттестациялык комиссиянын педагогика илимдери боюнча эксперттик комиссиянын мүчөсү;
  • 1996-2012 — докторлук (кандидат) диссертацияларды жактоо боюнча кеңештин мүчөсү (Кыргызстан жана Казакстан);
  • 2008-2011 — Кыргыз улуттук университеттин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы;
  • 2011-жылдын сентябрынан баштап Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин педагогикалык ишмердүүлүк боюнча проректору;
  • 2017-жылдын 5-январынан тарта Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалган.

Алган илимий наамдары:

  • 1984 — педагогика илимдеринин кандидаты;
  • 1993 — доцент;
  • 1994 — педагогика илимдеринин доктору;
  • 1996 — профессор наамын алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0