Маевский Леонид Станиславович. Өмүр баяны

© Sputnik / Валерий Левитин / Медиабанкка өтүү65-й Каннский кинофестиваль
65-й Каннский кинофестиваль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Леонид Маевский 1960-жылы 6-сентябрда Россиянын Рубцовск шаарында төрөлгөн. 1982-жылы Аскер-деңиздик училищесин аяктаган. СССРдин аскер-деңиз флотунда аскердик милдетин өтөгөн.

Эмгек жолу: 

  • 1987-жылы дивизиянын үчүнчү даражадагы капитаны наамы ыйгарылган; 
  • 1993 – 1996 — Казакстандын байланыш министрлигинин алдындагы "Промтелерадио" ишканасын башкарган. "Хабар" улуттук телеканалынын эфирге чыгышына салым кошкондордун бири;
  • 1997 — "Общероссийское" радиосунун директорунун орун басары, "Русский канал — всемирного русского телевидения" каналынын директорунун орун басары;
  • 1998 – 1999 — "Новые технологии. XXI век" телекомпаниясынын директору;
  • 2000 – 2003 — КПРФ партиясынан Мамлекеттик Думанын депутаты;
  • 2004 – 2008 — LV Finance компаниясынын жетекчиси;

Андан соң ал Россия, КМШ мамлекеттеринде телекоммуникациялык долбоорлор менен иштеген. Эл аралык операторлордун арты менен спутник аркылуу жогорку ылдамдыктагы инетернет таратуу боюнча долбоорлорду ишке ашырып келген. 

2016-жылдын февраль айында УКМКга кайрылып, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев ага MegaCom ишканасынын акциясын берем деп 1 миллион доллар алгандыгын айткан. Андан кийин депутатка карата кылмыш иши козголуп, ал УКМК тарабынан камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0