Новиков Артем Эдуардович — өмүр баяны

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевНовиков Артем Эдуардович
Новиков Артем Эдуардович  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Артем Новиков 1987-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Жогорку Билимдүү. Балтика мамлекеттик техникалык университетин "экономист-менеджер" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2004 – 2006 — "Вест Ала-Тоо" ЖЧКсында бухгалтер;
  • 2006 – 2007 — "Ататүрк" атындагы коомдук эл аралык фондусунда бухгалтер;
  • 2007 – 2008 стажер, Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин инвестициялык саясат бөлүмүнүн котормочусу;
  • 2008-2009 — Экономика министрлигинин инвестициялык саясат бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2009 – өкмөт аппаратындагы бөлүмдө эксперт;
  • 2009 – 2010 – ЦАРИИнин адам ресурстарын башкаруу кызматынын эксперти;
  • 2011 — 2012 — премьер-министр Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси;
  • 2014 – 2015 — премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин кеңешчиси;
  • 2015-жылы биринчи вице-премьер Аалы Карашевдин кеңешчиси;
  • 2017-жылдын май айында президенттик аппараттын финансы-экономикалык анализи жана өнүгүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-2018-жылдары — Кыргызстандын экономика министри;
  • 2020-жылдын январь айында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеңешчиси болуп дайындалды.
  • 2020-жылдын 14-октябрынан бери биринчи вице-премьер-министр.
Жаңылыктар түрмөгү
0