Алмазбек Усеновдун архивдик сүрөтү

Усенов Алмазбек Туратбекович өмүр баяны

3380
(жаңыланган 17:18 11.12.2017)
Алмаз Усенов 1981-жылы 21-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. 2003-жылы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин маалыматтык технология факультетин аяктаган. 2008-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын укук таануу адистиги боюнча окуп бүткөн.

Эмгек жолу

  • 2001-2003 — "Кыргызтелеком" акционердик коомунда инженер-программист;
  • 2003-2004 — президенттин маалымат кызматы;
  • 2004-2009 — президенттик администрация, президенттин маалымат кызматынын референти;
  • 2009-2010 — президенттин катчылыгы, маалымат кызматынын эксперти;
  • 2010-2011 — АРИС агенттигинде ЖМК менен байланышуу боюнча адис;
  • 2011-2012 — коомдук бирикменин жетекчиси;
  • 2012-2017 — президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-жылдын 26-августунан 11-декабрына чейин президенттик аппараттын жетекчиси;

III класстагы мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

3380
Белгилер:
Өмүр баяны, Алмаз Усенов
Сулайманов Рахат Аскерович

Сулайманов Рахат Аскерович өмүр баяны

426
Сулайманов Рахат Аскерович 1975-жылы 29-сентябрда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Казыбек айылында туулган.

Билими:

  • 1995-1999 — Казакстандагы Т. Жургенов атындагы театр жана кино боюнча мамлекеттик институтунда театр актеру жана кино адистиги боюнча билим алган;
  • 2018 — КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча окуган.

Эмгек жолу:

  • 1999-2001 — Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы сатиралык театрда актер;
  • 2001-2002 — жеке ишкер;
  • 2002-2005 — Улуттук телерадио корпорациясында кабарчы, "Замана" студиясында алып баруучу;
  • 2005-2006 — КООРТ телеканалында "Жума кадамы" берүүсүнүн жетекчиси, жаңылыктар кызматынын жооптуу редактору;
  • 2005 — "5-каналда" "Майдан" берүүсүнүн алып баруучусу;
  • 2007-2009 — "Ала-Тоо" маалымат программасынын жоопту редактору, башкы редактору, "Ала-Тоо аймактары" берүүсүнүн башкы редактору;
  • 2009-2010 — Ысык-Көл облусунун губернаторунун маалымат катчысы;
  • 2010-2012 — ЭлТР телеканалында башкы продюсер;
  • 2012-2013 — Каржы министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси;
  • 2012-2014 — "Санжыра" радиосунда "Шашкеге шашпай" уктуруусунун алып баруучусу;
  • 2013-2021 — УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси;
  • 2021-жылдын 12-январынан баштап "5-каналдын" директору.

Үй-бүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы.

426
Белгилер:
кызмат, Өмүр баяны, таржымал, Рахат Сулайманов
Абакиров Эльдар Курманбекович

Абакиров Эльдар Курманбекович өмүр баяны

307
(жаңыланган 12:43 06.01.2021)
Абакиров Эльдар Курманбекович 1981-жылы 14-апрелде Каракол шаарында туулган.

Билими:

  • 2002 — Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетин нейрон желеси жана маалыматтык коопсуздук адистиги боюнча аяктаган;
  • 2004 — Каракол шаарындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын экономика жана юридикалык факультетин бүтүргөн;
  • 2004 — Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде нейрон желеси жана маалыматтык коопсуздук адистиги боюнча магистрлик даражасы ыйгарылган.
  • 2006 — Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин механика-математика факультетинин аспирантура даражасына ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 2002 — Алматы шаарындагы "Казакстан темир жол транспорту илимий-изилдөө институту" ААКтын программист-аналитиги;
  • 2003 — Алматы шаарындагы "Банк ЦентрКредит" ААК Казына департаментинин ресурстарды башкаруу борборунун адиси;
  • 2004 — Алматы шаарындагы "Банк ЦентрКредит" ААК Казына департаментинин ресурстарды башкаруу борборунун жетектөөчү адиси;
  • 2005-жылдын март айынан сентябрга чейин Алматы шаарындагы "Банк ЦентрКредит" ААК Казына департаментинин ресурстарды башкаруу борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучу;
  • 2005-2010 — Алматы шаарындагы "Банк ЦентрКредит" ААК Казына департаментинин директорунун орун басары;
  • 2010-2011 — Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктык көзөмөл блогунда эксперт;
  • 2011-2016 — Эл аралык "Ала-Тоо" университетинде окутуучу.

2012 — ишкерлик менен алектенип, бир нече долбоорлорду ачкан:

  • "D-Center" ЖЧК курулуш компаниясы;
  • textilekg.ru долбоору, Кыргызстанда тигүү цехтерин ачуу, анда тигилгендерди Россиянын базарларына сатуу;
  • kuppi.kg интернет долбоору (SMSBazar), "МобиМарт";
  • кеңсе буюмдары жана китептер сатылган "kalem&book" дүкөнү;
  • "GreenClinic" медициналык борбору;
  • минералдык жана ичүүчү сууларды даярдаган "Барбулак Минерал" ЖЧКсы;
  • пеноблок, брусчатка, шлакоблок, кооз таштарды өндүрүү;
  • "Даамдан" тез тамактануучу жайлары;
  • Чүй облусундагы чарбачылык (мал чарбачылыгы, дыйканчылык).

2016-2019 — Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

307
Белгилер:
таржымал, өмүр баян, Элдар Абакиров
Санкт-Петербургдагы макулдашылбаган акциялар

Россиядагы макулдашылбаган акциялардын урунттуу учурлары

0
(жаңыланган 23:14 23.01.2021)
Россиянын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы 23-январдагы макулдашылбаган митингдин уюштуруучулары жана катышуучулары жоопко тартыларын бир нече ирет эскерткен.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россиянын айрым шаарларында макулдашылбаган каршылык акциялары болуп өттү. Төмөндө окуянын урунттуу учурларын сунуштайбыз.

РИА Новости кабарлаганына караганда, Москвадагы Пушкинский аянтына чыккан митингчилер полицияны көздөй желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Укук коргоочулар аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Митингчилер ак сыр куюлган банканы ыргытып, ал тартип сакчыларына барып тийген.

Саламаттык сактоо департаменти "Социалдык мониторинг" тиркемесиндеги маалымат боюнча Пушкинский аянтындагы акцияда COVID-19 жуктурган 19 адам жүргөнүн кабарлаган.

Москвадагы макулдашылбаган акциянын айынан жол тыгын жаралганын Транспорт департаменти билдирди. Шаардык метрополитен митинг болуп жаткан аймактан 2,6 миң адам метро менен кеткенин кабарлаган. Аянттан 15 киши кармалып, кээ бирлери кайра коё берилген.

Москвадагы макулдашылбаган митинг учурунда полициянын 39 кызматкери жабыркаганын РИА Новостиге укук коргоо органдарындагы маалымат булагы билдирди. Кийинчерээк РФтин Тергөө комитети полицейлерге карата зомбулук фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатканын маалымдады

Екатеринбургда болсо полиция кызматкерлери үн күчөткүчтөр менен акция макулдашылбаганын эскертип, элди тарап кетүүгө чакырышкан. Бирок топтошкон адамдар тартип сакчыларын көздөй кар жана түтүн чыгарган каражаттарды ыргыта баштаганда аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Кийин 14 киши кармалганы маалым болду.

Иркутскиде болсо 2,5 миңге жакын адам макулдашылбаган акцияга чыкканын шаардык администрациядан билдиришкен.

Владивостокто бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча эки кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө аракеттеринин негизинде ОМОНдун кызматкерине күч колдонгон адам табылган. Ал 28 жаштагы Владивостоктун жашоочусу экени аныкталды.

Мурманскинин борбордук аянтындагы макулдашылбаган акцияга 550гө жакын адам чыккан. Алар бир аз туруп эле тынч тарап кеткен.

АКШ элчилигинин маалыматы жана Россия ТИМинин реакциясы

Жума күнү АКШнын Россиядагы элчилиги 23-январда өтө турган макулдашылбаган акциялардын убактысын жана даректеринин тизмесин жарыялап, америкалыктарды ал жактарга барбоого чакырган. РФтин Тышкы иштер мининстрлиги мындай аракеттер Россиянын ички ишине кийлигишүү катары бааланарын айтты.

РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова америкалык кесиптештери Смоленск аянтында (Анда Россия ТИМинин имараты жайгашкан) жасаган ишине түшүндүрмө бериши керек болорун белгиледи.

Бийликтин эскертүүсү

Россиянын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы 23-январдагы макулдашылбаган митингдин уюштуруучулары жана катышуучулары жоопко тартыларын бир нече ирет эскерткен. Иш-чара провокация катары бааланары белгиленген. Муну менен катар Башкы прокуратура интернетке тарап жаткан митингге катышуу чакырыктарын өчүрүү талабын койду (буга мыйзам менен дагы тыюу салынган). РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков акцияга провокаторлор чакырып жатканын билдирип, алардын максаты баарына белгилүү экенин белгиледи.

Өзгөчө көңүл окуучуларга бөлүндү. Ата-энелерге балдарын акциядан "калкалоо" сунушталды.

0
Белгилер:
полиция, бийлик, акция, Россия
Тема боюнча
Москвада полиция макулдашылбаган акцияга чыккандарды кармай баштады
Токсиколог Александр Сабаев: Навальныйдын ууланганы такталган жок