Султанов Талант Исакович — өмүр баяны

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКР премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалган Талант Султанов
КР премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалган Талант Султанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талант Султанов 1978-жылы туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1999 — Сан-Франциско университетинде бакалавр даражасын алган;
  • 2006 — Колумбия университетинде финансы боюнча магистр даражасына ээ болгон;
  • 2016 — Гарвард университетинин кесипкөй билим программасынын бүтүрүүчүсү.

Талант Султанов "Таза Коомдун" иштиктүү тобунун координатору.

Мурда КРдин Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору, Борбордук Азиядагы Америка университетинин финансы маселелери боюнча вице-президенти кызматтарын аркалаган.

Ошондой эле ал Вашингтондогу Бүткүл дүйнөлүк банктын штаб-квартирасында жана Алматы шаарындагы Борбор Азия боюнча кеңсесинде эмгектенген.

2017-жылдын 4-сентябрында премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси болуп дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0