Калиниченко Юлия Александровна — өмүр баяны

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети VK пользователя Юлии Калиниченко
Снимок с социальной сети VK пользователя Юлии Калиниченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юлия Калиниченко 1991-жылы туулган. Борбор Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүсү. 2013-жылы Венгриянын борбору Будапешт шаарындагы Борбордук Европа университетинде европа тануу жана эл аралык мамилелер адистиги боюнча магистратурада окуган.

Буга чейин Москва шаарындагы "Институт отраслевого питания" автономдук коммерциялык эмес уюмунун долбоорлор жетекчиси кызматын аркалаган. Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясында эл аралык мамилелер жана уюштуруу иштери бөлүмүн жетектеген. Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институттун координатору жана Борбор Азиядагы Америка университетинин Тянь-Шань аналитикалык борборунда изилдөө долбоорунун координатору болуп эмгектенген.

2017-жылдын 7-сентябрында Кыргызстандын премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды.

Англис жана француз тилдеринде эркин сүйлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0