Асанов Улан Касенович. Өмүр баяны

Жазылуу
Ал 1974-жылы 13-мартта төрөлгөн. 2003-жылы КР ИИМдин Академиясын аяктаган.

Ички иштер органдарында 1994-жылдан бери иштеп келет. Эмгек жолун Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициясынын батальонунда милиционер болуп баштаган.

Жетекчилик кызматтарда иштеген. ИИМдин адистештирилген мамлекеттик күзөт кызмат башкармалыгынын жетекчи орун басары болгон. Андан сырткары, ИИМдин адистештирилген мамлекеттик күзөт кызмат башкармалыгынын милиция полкунун командири, ИИМдин адистештирилген мамлекеттик күзөт кызмат башкармалыгынын Бишкек шаарындагы Ленин райондук коргоо бөлүмүнүн башчысы болгон.

2017-жылдын 3-октябрында ИИМдин адистештирилген мамлекеттик күзөт кызмат башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.

Мекеменин бир катар медалдары менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0