Асрандиев Эркин Шамшудинович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековОрус-кыргыз өнүктүрүү фондусуна жетекчи болуп дайындалган Эркин Асрандиевдин архивдик сүрөтү
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусуна жетекчи болуп дайындалган Эркин Асрандиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркин Асрандиев 1976-жылы 1-апрелде Чүй облусунун Кара-Балта шаарында төрөлгөн.

Билими:

  • 1992-1996 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети;

Эмгек жолу:

  • 1996-1997 — Бишкек мэриясынын билим берүү департаментинде экономист;
  • 1997-1998 — Милдеттүү медициналык камсыздандаруу фондусунун финансы-экономикалык бөлүмүндө алдыңкы адис, башкы адис, жетекчи;
  • 1998-2004 — Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын финансы-экономикалык бөлүмүндө насыя адиси, жетекчи;
  • 2004-2006 — "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААКында финансы-экономикалык маселелер боюнча башкы директордун орун басары;
  • 2006-2008 — Экономикалык өнүгүү башкармалыгы боюнча адис, КР өкмөт аппаратынын ишкердик жана туризм, экономиканы башкаруу жана финансы бөлүмүнүн башчысы;
  • 2008-2009 — КР президент администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти;
  • 2009-2010 — "ФинансКредитБанк КАБ" ААКтын Бишкектеги филиалынын директор орун басары;
  • 2011 — "ФинансКредитБанк КАБ" ААКтын Бишкектеги филиалынын директору, башкаруучулуктун төрага орун басары;
  • 2011-2012 — башкаруучулуктун төрага орун басары, "ФинансКредитБанк КАБ" ААК башкаруучулугунун төрагасынын милдетин аткаруучу;
  • 2012-2013 — "ФинансКредитБанк КАБ" ААК башкаруучулугунун төрагасы;
  • 2013 — "Айыл Банк" ААК башкаруучулугунун төрага орун басары, "Айыл Банк" ААК башкаруучулугунун төрагасынын милдетин аткаруучу, төрагасы, башкаруучулугунун мүчөсү;
  • 2016 — Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башкаруучулугунун мүчөсү;
  • 2017-жылдын 19-октябрынан тарта Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башкаруучулугунун төрагасы.

КР өкмөтүнүн жана президентинин бир катар ардак грамоталары менен сыйланган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0