Медет кызы Айпери — өмүр баяны

© Фото / United World Wrestling / Kadir CaliskanЧемпионат мира по борьбе среди молодежи U23
Чемпионат мира по борьбе среди молодежи U23 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу Медет кызы Айпери 1999-жылы 30-мартта Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган.

Атасы Медет Мамырбаев 1966-жылы туулган, дыйкан чарбасы менен алектенет. Апасы Салтанат Осмонова 1970-жылы туулган, орус тили боюнча мугалим. Айпери — беш бир туугандын үчүнчүсү.

  • 2005-2014-жылдары Бакай-Ата районунун 1-май айылындагы Токтогул Чогушев атындагы орто мектепте 9-класска чейин окуган.
  • 2015-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин графикалык-дизайн факультетинде окуйт

Жетишкендиктери:

  • 2015-жылы Индияда өткөн Азия чемпионтатында күмүш медаль;
  • 2016-жылы Тайбэйде өткөн Азия чемпионатында алтын медаль;
  • 2017-жылы Грузияда өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медаль;
  • 2017-жылы Финляндияда өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль;
  • 2017-жылы Азербайжанда өткөн ислам оюндарында коло медаль;
  • 2017-жылы Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында коло медаль;
  • 2018-жылы Индияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль;
  • 2018-жылы Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында коло медаль;
  • 2019-жылы Будапешт шаарында өткөн 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль;
  • 2020-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль;
  • 2020-жылы Сербияда өткөн дүйнө кубогунда күмүш медаль;
  • 2021-жылы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган квалификациялык Азия мелдешинде алтын медаль;
  • 2021-жылы Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль;
  • 2021-жылы Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль;
  • 2021-жылы Белградда өткөн 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чепионатында алтын медаль.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын эл аралык класстагы спорт чебери. Машыктыруучусу — КРдин эмгек сиңирген насаатчысы Нурбек Изабеков.

Кыргызстандын жаш балбандары тууралуу кенен маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган лонгридден көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0