Сатылганова Гүлнур Абдыразаковна — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин Эл артисти Гүлнур Сатылганованын архивдик сүрөтү
КРдин Эл артисти Гүлнур Сатылганованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлнур Сатылганова 1968 жылы 1-ноябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда төрөлгөн.

Атасы Абдыразак Сатылганов Айыл чарба инстутутун аяктап, көп жыл бою зоотехник болуп иштеген. Апасы Анаркан Мамбеталиева ашпозчулук кесиби менен ар тармакта 45 жыл эмгектенген. Гүлнур айым — 10 бир туугандын жетинчиси.

Ырчыга апасы Күннур деген ысым ыйгарган, бирок төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүккө Гүлнур деп жазылып калган.

Учурда бир уулдун энеси.

Билими

  • 1974-1985-жылдары Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте окуган;
  • 1985-1986-жылдары кондитердик боюнча бир жылдык окууну аяктаган;
  • 1987-1991-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинин хор дирижерлук бөлүмүндө билим алган

Эмгек жолу

  • 1986-1988-жылдары Токтогул райондук "Миң кыял" ансамблинде эмгектенген. Студент курагында "Жетиген" ансамблинде да ырдаган;
  • 1991-жылы Аламүдүн райондук маданият үйүнүн алдында уюшулган "Арашан" фольклордук тобунда эмгектенген;
  • 1992-1995-жылдары Арсен Өмүралиев атындагы Жаштар театрында актриса, "Каркыранын канаты" спектаклинде башкы ролду ойногон. Театрдын алдындагы Нурлан Нышанов жетектеген "Саамал" фольклордук тобунда эмгектенген;
  • 1996-2004-жылдары Улуттук консерваториянын эстрадалык студиясында солист.

Жетишкендиктери

  • 1991-жылы Нарын шаарында өткөн эстрада ырчыларынын республикалык конкурсунда 1-орун;
  • 1992-жыл "Жаштык ыры-92" конкурсунда Гран-при;
  • 1992-жылы "Жаштык ыры-1992" сынагында жолдошу Даниел экөө гитара менен "Жалгыз там" деген чыгарманы ырдап, баш байгеге ээ болушкан;
  • "Ыр десте-1993" сынагында баш байгени багындырган;
  • 1993-жылы "Ыр десте-93" конкурсунда Гран-при;
  • 1998-жылы "Славян базары" фестивалында элдик "Колзоздогу курбума" ыры менен атайын 1000 доллар акчалай сыйлык алган;
  • "Ысык-Көл-1998" фестивалында баш байгеге коюлган машинаны утуп алган;
  • 1998-жылыТүркияда өткөн эстрада ырчылары конкурсунда биринчи орунду багындырган;
  • Эл аралык "Азия дауысы" конкурсуна 1994-1998-жылдары катышып атайын сыйлыктарга ээ болсо, 1995-жылы конок катары чакырылган;
  • 2000-жылы Астанада өтүүчү эл аралык "Шабыт" чыгармачыл жаштардын конкурсунда баш байге;
  • 2001-жылы Эмгек сиңирген артист;
  • 2008-жылы КРдин Эл артисти;

Чыгармачылыгы

Учурда репетуарында 200гө чукул ыры, 15 клиби бар. Чыгарма даярдоодо акындар Кыялбек Урманбетов, Кудрет Тайчабаров, Биримкул Алыбаевдер, композиторлор Райкан Бейшеналиева, Эркин Мээрканов, аранжировка жасоодо Рамис Алиев, Мирлан Ниязовдор менен иштешет. Ырчы мыкты чыгармаларынын жаралышына маркум Эрик Кадырбаевдин да салымы чоң экендигин айтып келет.

"Ыр десте", "Жазым келчи", "Угуп кой", "Асман" ырлар жыйнагын чыгарган.

2007-жылы Кыргызстан боюнча чоң концерттик турне өткөрүп, түшкөн каражатты жергиликтүү балдар үйүнө тапшырган. Ошол эле жылы Камбар-Ата ГЭСинин куруучуларына концерт берип, 200 миң сом акчалай жардам көрсөткөн.

1999, 2004, 2006, 2007, 2008, 2014-жылдары жеке концертин берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0