Мусаев Айбек Мусаевич — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековТренер клуба "Жаш-Куч" Айбек Мусаев
Тренер клуба Жаш-Куч Айбек Мусаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айбек Мусаевдин өмүр баянын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин таржымалынан окуй аласыздар

Айбек Мусаев 1983-жылы 10-июнда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн.

Атасы Муса Куттуков жана апасы Эркинай Масаитова беш баланын ата-энеси. Апасы Эркинай Масаитова КРдин Эмгек сиңирген мугалими. Айбек — беш бир туугандын үчүнчүсү.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы

1989-2000-жылдары Кызыл-кыя шаардык Дмитрий Карбышев атындагы орто мектепте окуган

2000-2005-жылдары Баткен мамлекеттик университетине караштуу Технология, экономика жана укук институтунун дене тарбия факультетин бүтүргөн. Кесиби — машыктыруучу мугалим.

Жетишкендиктери:

Спорттун бокс жана эркин күрөш түрү боюнча спорт чеберине талапкер;

2005-2006-жылдары эркин күрөш боюнча Ямало-Ненецкий автономдук округунун жеңүүчүсү;

2008-2009-жылдары Москвада өткөн уруш түрүндөгү самбо боюнча турнирдин финалисти;

Москвада өткөн жиу-житсунун бразилиялык версиясы боюнча кубоктун жеңүүчүсү;

Иш тажрыйбасы:

2011-жылдан тарта "Жаш күч" спорттук клубунун президенти, башкы машыктыруучусу;

Машыктыруучу бир канча спортчуну эл аралык турнирге катыштырган. Дүйнөнүн эки чемпионун тарбиялаган. 2015-жылы Тилек Машрапов жана Бахтияр Тойчубаев ММАдин WMMAF версиясы боюнча дүйнө биринчилигине жетишкен.

2017-жылы спорттун өсүшүнө салым кошкондугу үчүн КРдин премьер-министринин диплому менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0