Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышевдин архивдик сүрөт

Кыдырмышев Руслан Жаманакович өмүр баяны

1132
(жаңыланган 11:04 15.11.2017)
Руслан Кыдырмышев 1982-жылы 3-ноябрда Бишкек шаарында туулган.

Жаш кезинен тарта спорттун бир нече түрү менен машыккан. Таэквондо боюнча кара курдун ээси, машыктыруучу Мурат Бурхановдун колунда тарбияланган.

Билими:

1989-1999-жылы борбордогу №39 орто мектепте окуган;

1999-2004-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик башкаруу факультетинде билим алган;

2004-2006-жылы КРдин президентине караштуу Башкаруу академиясынан магистрдик билим алган;

Ишмердүүлүгү:

2006-жылдан тарта ишкерлик менен алектене баштаган;

2010-жылы — "Кыргыз элдик ишмерлер партиясы" саясий партиясын негиздеген ("Кыргызская Народная Рабочая Партия");

2011-жылы — КРдин бразилиялык версиядагы "Вале-тудо" аралаш мушташ федерациясынын вице-президенти;

2014-жылы — Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти (WEF — World Ertaymash Federation — ред.);

2015-жылы — "Жаштар баңгизатка каршы" социалдык долбоорунун негиздөөчүлөрдүн бири;

2016-жылы — "Бакубат келечек" кайрымдуулук фондусун негиздеген;

Сыйлыктары:

2015-жылы — КРдин Баңгизатты көзөмөлдөө кызматы менен тыгыз иштешкендиги үчүн медаль;

2015-жылы "Жылдын меценаты" алтын диплому;

2016-жылы — Ош шаардык мэриясы тарабынан "Федерациянын мыкты жетекчиси" грамотасы менен сыйланган;

2016-жылы — Россиядагы"Кыргыз диаспорасы" коомдук уюму тарабынан Россия жергесинде спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Ардак грамота.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

1132
Белгилер:
өмүр баян, спорт, федерация, ишкер, Руслан Кыдырмышев
Портфельчен адам. Архив

Каймазаров Таштанбек Турарович өмүр баяны

28
Таштанбек Каймазаров 1966-жылы 25-июлда Талас облусунда туулган. Кесиби боюнча педагог, юрист-укук таануучу.

Билими:

1983-1989 — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда билим алган;

1995–1998 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1984 -1986 — Армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1996-1998 — Транспорт иштери боюнча ички иштер башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарым укуктуу өкүлү (кызматкери);

2002-2004 — ИИМдин коомдук түзүлүш менен байланыш башкармалыгынын улук ыйгарым укуктуу өкүлү;

2004 -2008 — ИИМдин алдындагы 9-башкы башкармалыктын улук ыйгарым укуктуу өкүлү;

2008 -2010 — ИИМдин 9-башкы башкармалыгында бөлүм башчы;

2010-2016 — Транспорт иштери боюнча ички иштер башкармалыгындагы 10-бөлүмдүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарым укуктуу өкүлү;

09.2016 — отставкадагы полковник (пенсия);

2017-2020 — "Мадина" ЖЧКсында чет элдик жарандарга укуктук жактан жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы;

2020-жыл, октябрь — Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси болуп дайындалды.

28
Белгилер:
Таштанбек Каймазаров, өмүр баян
Бакетаев Алмаз Кушбекович

Бакетаев Алмаз Кушбековичтин өмүр баяны

311
(жаңыланган 12:48 22.10.2020)
Бакетаев Алмаз Кушбекович 1971-жылы 20-январда Талас шаарында туулган. 1993-жылы Фрунзе политехникалык институтун, 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтун аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1994 (август) – 1995 (сентябрь) — Талас облусу боюнча Салык полициясы башкармалыгында инспектор-программист;
  • 1995 (октябрь) – 1995 (ноябрь) — Мамлекеттик салык инспекциясынын ички көзөмөл бөлүмүндө салык инспектору;
  • 1995 (ноябрь) – 1996 (июль) — Стамбулдагы Komsan эл аралык соода жана маркетинг боюнча түрк компаниясынын өкүлчүлүгүндө башкы менеджер;
  • 1996 (август) – 1997 (июль) — Бишкектин Свердлов району боюнча Мамлекеттик салык инстпекциясынын салык инспектору;
  • 1997 (апрель) - 2000 (март) — Ички аудит башкармалыгында, бюджеттик мекемелердин жана ведомство аралык уюмдардын аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис;
  • 2000 (март) – 2002 (декабрь) — Финансы министрлигинин ички аудит кызматында башкы адис;
  • 2002 (декабрь) – 2005 ( июль) — Финансы министрлигинин борбордук казынасынын ички көзөмөл секторунда жетекчи;
  • 2005 (июль) – 2005 (ноябрь) — Чүй облустук аймактык казына бөлүмүндө башчы;
  • 2005 (ноябрь) – 2010 (март) — Бишкек шаардык казына бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2010 (март) – 2010 (апрель) — Бишкек шаардык мэриясына караштуу Ленин райондук администрациянын башчысынын орун басары;
  • 2010 (апрель) — 2012 (июнь) — Финансы министрлигинин бюджеттик саясатты жөнгө салуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
  • 2012 (июнь) – 2013 (май) — Финансы министрлигинин экономика тармагынын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын башчысы;
  • 2013 (март) – 2013 (май) – Финансы министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу;
  • 2013 (май) – 2018 (сентябрь) - финансы министринин орун басары;
  • 2018 ( сентябрь) — Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалган.
  • 2020-жылдын 22-октябры — Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу.
  • 2020-жылдын 20-октябрында мэр Азиз Суракматов отставкага кетип, биринчи вице-мэр болуп Нариман Түлеев дайындалып, шаар башчысынын милдети ага жүктөлгөн. Бакетаев вице-мэр болуп калган.
  • 22-октябрда Түлеев биринчи вице-мэрлик кызматтан кетүү үчүн арыз жазып, билдирүү тараткан. Анын айтымында, мэрдин ордун талашкандардын арасында күмөн санаткан ар кандай топтор болууда. Ошол себептен 22–октябрдан тарта Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу катары Алмаз Бакетаев бекиди.

 

311
Белгилер:
өмүр баян, Алмаз Бакетаев
Кыз парктта кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жумага карата аба ырайы

0
23-октябрга караган түнү кээ бир өрөөндөрдө жана тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жума күнү, 23-октябрда, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3…+8 градус, Таласта +2…+7 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10 градус, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында 0…+5 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, борбор калаада карга айланышы ыктымал. Күндүн табы Бишкекте +6…+8 градус, Ош шаарында +13…+15 градуска чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

0
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жалал-Абад облусунун аймагында кайрадан жер титиреди