Жумабек уулу Актилек — өмүр баяны

© Sputnik / Жоомарт УраимовБоец смешанных единоборств Актилек Жумабек уулу
Боец смешанных единоборств Актилек Жумабек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумабек уулу Актилек 1991-жылы 9-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районунда туулган.

Билими:

1998-2004 — Эркин-Тоо орто мектебинде билим алган;

2006-2009 — Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв мектебинде тарбияланган;

2009-2015 — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында билим алган;

2016-жылдан тарта Дене тарбия жана спорт академиясында сырттан окуйт;

Жетишкендиктери:

Эр таймаш боюнча КРдин беш жолку чемпиону;

2010-2011 — ММА боюнча КМШнын жана Евразиянын чемпиону;

2012-жылы — профессионалдар арасында Азия чемпиону;

2012-жылы — Alash Pride-2 эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2013-жылы — Эр таймаштын бразилиялык вале-тудо версиясы боюнча Азия чемпиону;

2013-жылы — Казакстанда өткөн турнирде Евразия чемпиону;

2013-жылы — NAGA грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону;

2014-жылы — NAGA грэпплинг боюнча дүйнө биринчилигинде коло медаль;

2014-жылы — WEF-1 эл аралык турниринин чемпиону;

2014-жылы — Казакстанда өткөн Alash Pride-The Strongest эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2014-2015 — Грэпплинг боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону

2015-жылы — WEF-3 эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2016-жылы — WEF 6-Grand Prix 2016 эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2016-жылы — Nomad Fights эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2016-жылы — WEF ProfFight-3 эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2017-жылы — WEF Global 7 эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2017-жылы — Бишкекте өткөн эр уруш боюнча "Хан Кошой" кубогунун жеңүүчүсү;

Эрежесиз уруш боюнча спорт чебери, тай боксу боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

"Боец" спорттук клубунун мүчөсү, машыктыруучусу — Эмил Токтогонов.

Бою — 185 сантиметр

Салмагы — 77 килограмм

Спорттогу каймана аты — "Алгыр"

Спортчулардын рейтингин аныктаган дүйнөлүк Sherdog порталындагы көрсөткүчү 8-6.

Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

Учурда — машыктыруучу. Спорттон тышкары ишкерлик менен алектенет

Жаңылыктар түрмөгү
0