Хантураев Мурод Мухаммадусманович — өмүр баяны

© Фото / федерация WEFУзбекистанский боец ММА Мурод Хантураев
Узбекистанский боец ММА Мурод Хантураев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурод Хантураев 1987-жылы 4-июлда Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынынын Мирзо Улугбек районунда төрөлгөн

Хантураев беш жашынан баштап спортко аралашкан. Спорттун дзюдо, бокс, кикбокс, кол таймашы, универсалдык уруш, ушу-саньда түрлөрү менен машыгып, бокстан башкасынын баарынан эл аралык класстагы спорт чебери аталган.

Жетишкендиктери:

ММА боюнча Азиянын эки жолку чемпиону;

Профессионалдар арасында ММАдин R1 версиясы боюнча Азия чемпиону;

Кол таймашы боюнча дүйнө чемпиону;

Универсалдык урушуу боюнча дүйнө биринчилигинде жана Европанын чемпионатында коло медаль;

2013-жылы — Уруш түрүндөгү самбо боюнча Сочиде өткөн "Платформа S-70" эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2014-жылы — Бокстун K-1 версиясы боюнча Өзбекстандын чемпиону;

2014-жылы — R1 Uzbekistan — Uzbekistan vs World эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2014-жылы — Казакстанда өткөн Alash Pride-2 турниринин жеңүүчүсү

2015-жылы — R1 Uzbekistan — Clash of the Titans эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2015-жылы — R1 Uzbekistan — Grand Prix Heavyweights эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2016-жылы — WEF-4 эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2016-жылы — Alash Pride —Flyweight Grand Prix Finale эл аралык турниринин жеңүүчүсү

2017-жылы — WEF ProfFight-7 эл аралык турниририн жеңүүчүсү;

2017-жылы — WEF ProfFight-10 эл аралык турниририн жеңүүчүсү;

2017-жылы — WEF Global-9 эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2017-жылы — WEF WEF ProfFight-16 эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

Спорттогу каймана аты — "Азия аюусу" (Азиатский медведь)

Бою — 180 сантиметр

Салмагы — 104 килограмм

Спортчулардын рейтингин аныктаган дүйнөлүк Sherdog порталындагы көрсөткүчү 9-2-1..

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0