Шайымкулов Муратбек Ормонович — өмүр баяны

Жазылуу
Муратбек Шайымкулов 1960-жылы 4-мартта Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында төрөлгөн.

Билими:

1983 — Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин аяктаган;

1994 — АКШнын Вашингтон шаарындагы Экономикалык өнүгүү институтунун "прикладдык математика", "базар экономикасынын негиздери" адистиги боюнча билим алган;

Эмгек жолу:

1983 – 1986 — Москва мамлекеттик университети, аспирант;

1994 – 1998 — "Дастан" технологиялык университети, биринчи проректор, доцент;

1998 – 2000 — КР Билим берүү жана илим министрлиги, башкы адис, директордун орун басары, департамент директорунун милдетин аткаруучу;

2000 – 2005 — Жогорку Кеңеш, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын кеңешчиси;

2005 — Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинде эксперт;

2007 – 2009 — КР президентинин аппараты, экономика жана социалдык саясат бөлүмү, финансы саясаты бөлүмүнүн эксперти, бөлүм башчы;

2009 — КР президентинин аппараты, экономика жана социалдык саясат бөлүмү, экономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы;

2009 – 2010 — КР инвестиция жана инновацияны өнүктүрүү борбордук агенттиги, аймакты өнүктүрүү кызматынын жетекчиси;

2010 – 2012 —Экономикалык анализ жана божомолдоо институтунун директору;

2012 – 2016 — Жогорку Кеңеш төрагасынын (Асылбек Жээнбеков) кеңешчиси;

2016 – 2017 — КР премьер-министринин кеңешчиси;

2017-жылдын 27-ноябрынан тарта КР президентинин кеңешчиси.

Физика-математика илимдеринин кандидаты.

Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0