Тойчубаев Бахтияр Тойчубаевич — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековБоец смешанных единоборств Бахтияр Тойчубаев
Боец смешанных единоборств Бахтияр Тойчубаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бахтияр Тойчубаев 1992-жылы 31-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарчасында туулган

Билими:

1999-2010 — Көк-Жаңгак шаарчасынын Антон Макаренко орто мектебинде билим алган;

Жетишкендиктери:

2009-жылы — бокс боюнча КРдин чемпиону;

2009-жылы — бокс боюнча жаштар арасында спорт чебери;

2013-жылы — ММА боюнча эл аралык "Долгоруктун беттеши" турниринин жеңүүчүсү;

2015-жылы — Молдовада өткөн ММАдин WMMAF версиясы боюнча дүйнө чемпиону;

2015-2016 — Кыргызстанда өткөн эл аралык JFC MMA турниринин эки жолку жеңүүчүсү;

2015-жылы — Казакстанда өткөн эл аралык "Alash Pride" турниринин жеңүүчүсү;

2016-жылы — Кытайда өткөн эл аралык E.P.I.C турниринин жеңүүчүсү;

2016-жылы — Сахалинде өткөн ММА боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү;

2016-жылы — Кыргызстанда өткөн эл аралык "WEF5 WFCA: Азия мушкерлеринин салгылашуусу" турниринин жеңүүчүсү;

2017-жылы — Россияда өткөн ММА боюнча чемпионаттын жеңүүчүсү;

"Жаш күч" спорт клубунун мүчөсү, машыктыруучусу — Айбек Мусаев.

Спорттогу каймана аты — "Баха Тигр"

Бою — 171 сантиметр

Салмагы — 61 килограмм

Бардык спортчулардын аныктаган дүйнөлүк Sherdog порталындагы көрсөткүчү боюнча сегиз ирет профессионалдуу беттеште утуп, төрт жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Спорттон тышкары ишкерлик менен алектенет.

Үй-бүлөлүү, бир баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0