Батыров Тилек Абдулбакыевич — өмүр баяны

Жазылуу
Тилек Батыров 1991-жылы 19-августта Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарчасында туулган.

Билими:

2008-жылы — Көк-Жаңгак шаарчасындагы Юрий Гагарин атындагы №4 орто мектепти аяктаган;

Жетишкендиктери:

2012-жылы — MMACC-MMA Corona Cup эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2014-жылы — WEF Global 1 эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2014-жылы — Fight Nights Battle of Moscow 17 эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2014-жылы — Tech-Krep FC Prime Crimea эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2015-жылы — Эл аралык Kunlun Fight-Cage Series 4 турниринин жеңүүчүсү;

2015-жылы — JFC ММА чемпионатында чемпион;

2015-жылы — Alash Pride Selection 10 эл аралык турниринин эки жолку жеңүүчүсү;

2015-жылы — Alash Pride Royal Plaza Volume 5 эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

2015-жылы — WEF Global 2 эл аралык турниринин жеңүүчүсү;

ММА боюнча спорт чебери.

Спорттогу каймана аты — "Баатыр".

"Жаш күч" спорттук клубунун мүчөсү, машыктыруучусу — Айбек Мусаев.

Бою — 170 сантиметр

Салмагы — 61 килограмм

Бардык спортчулардын рейтингин аныктаган дүйнөлүк Sherdog порталындагы көрсөткүчү боюнча он ирет профессионалдуу беттеште утуп, төрт жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0