Нарматов Абдишүкүр Исламович — өмүр баяны

© Фото / Руслан АбдрахмановИмам Абдышүкүр Нарматов
Имам Абдышүкүр Нарматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдишүкүр Нарматов 1968-жылы 8-февралда Баткен облусунун Кара-Бак айылында жарык дүйнөгө келген. 1985-жылы орто мектепти аяктаган. 1986-1988-жылдары СССР куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн, ага сержант наамы бар.

Билими:

1989-1993 — жылдары Ташкенттеги Имам Бухарий атындагы ислам институтун бүтүргөн;

1993-2000 — Каирдеги Аль-Азхар эл аралык ислам университетинин "Ислам укугу" факультетин аяктаган;

2014 — Жогорку окуу жайынын юридикалык факультетинин магистратурасын артыкчылык менен бүтүргөн;

Эмгек жолу:

2000-2003 — "Азирети Умар" атындагы ислам институтунун ректору;

2003-2006 — "Алтын муун" кайрымдуулук фондусунун мүдүрү;

2003-2007 — Азия мусулмандары комитетинин үгүт-насаат бөлүм башчысы;

2006-2016 — Кыргызстан Ислам университетинин ректору;

2014-жылдан бери Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин төрагасы

Ислам дини багытындагы бир канча китептердин автору

Абдишүкүр Нарматов беш кыз, эки уулдун атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0