Кожобеков Асылбек Эсенжанович — өмүр баяны

Жазылуу
Асылбек Кожобеков 1971-жылы 27-июнда Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаарында төрөлгөн.

Билими:

1992-жылы Украинадагы Донбасс Пролетариаты атындагы Жогорку авиациялык штурман-учкучтар училищесин аяктап, штурман-инженер адистигине ээ болгон.

1994-жылы Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин жогорку жогорку курсун аяктаган.

2002-жылы Кыргыз-орус славян университетинен юриспруденция адистигин алып чыккан.

Эмгек жолу:

1993-2005 — улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн;

2005-2007 — Кыргыз-орус славян университетинин алдындагы стратегиялык анализ жана прогноз институтунун эксперт-аналитиги;

2007-2010 — улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн;

2010-2013 — Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;

2013-2017 — КРнын УКМКсында кызмат өтөгөн;

2017-жылдын декабрь айында КР президенттин кеңешчиси болуп дайындалган;

04.2018 - 02.2019 — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары.

Жаңылыктар түрмөгү
0