Муканбетов Санжар Турдукожоевич — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековНазначение и увольнение чиновников
Назначение и увольнение чиновников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санжар Муканбетов 1972-жылы 12-декабрда төрөлгөн.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПредседатель Государственной службы регулирования и надзора за финансовым рынком КР Санжар Муканбетов
Председатель Государственной службы регулирования и надзора за финансовым рынком КР Санжар Муканбетов - Sputnik Кыргызстан
Председатель Государственной службы регулирования и надзора за финансовым рынком КР Санжар Муканбетов
Билими:

1989 – 1994 – Кыргыз техникалык университети;

2000 – 2003 – Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин экономист адистиги боюнча аяктаган;

Эмгек жолу:

1994 – 1995 – "Жанар" акционердик коомунда инженер-конструктор

1995 – 1996 – "ТНК Дастан" заводунда инженер;

1996 – 1998 – Мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы техникалык кызматташуу агенттигинде алдыңкы адис, биринчи категориядагы адис;

1998 – 1999 – Чет элдик инвестиция жана экономикалык өнүгүү мамлекеттик агенттигинде башкы адис;

1999 – 2001 – Чет элдик инвестиция жана экономикалык өнүгүү агенттигинде чет элдик жардамды координациялоо башкармалыгында бөлүм башчы, жетекчи орун басар;

2001 – 2002 – КР финансы министрлигинин мамлекеттик инвестицияны башкаруу программасынын жетекчи орун басары;

2002 – 2005 – КР Финансы министрлигинин инвестициялык саясат департаментинин директору, мамлекеттик инвестиция башкармалыгынын башчысы; 

2005 – 2007 – Экономика жана финансы министрлигинин мамлекеттик инвестиция башкармалыгынын жетекчиси; 

2007 – 2009 – Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;

2010 – 2014 – Экономика министринин орун басары;

2014 – 2018-жылдын 11-январына чейин Кыргызстандын финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;

2018-жылдын 11-январынан тарта вице-премьер-министр.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0