Халмурзаев Абиш Алыбаевич — өмүр баяны

Жазылуу
Абиш Халмурзаев 1955-жылы 10-июлда Ош облусунун Ноокат районунда туулган.

Жогорку билимдүү, 1978-жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтун аяктаган.

Эмгек жолу:

08.1972 – 01.1973 — Кызыл-Кыя жүргүнчү автобазасында слесарь;

02.1973 – 08.1973 — Кызыл-Кыя шаардык жүк ташуучу автобазасында слесарь;

08.1973 – 09.1974 — Фрунзе шаарынын №3 жүргүнчү ташуу башкармалыгында айдоочу;

09.1974 – 08.1978 — Политехникалык институтунда студент;

10.1978 – 08.1990 — Кызыл-Кыя эт комбинатында инженер-механик, механик, эт комбинатынын муздаткычынын мастери, мал союу цехинин мастери, эт-май комплексинин ага мастери;

09.1990 – 06.1993 — нан азыктарынын базасында директор;

06.1993 – 06.1995 — Кызыл-Кыя шаарындагы "Дан" АКтын башкаруусунун төрагасынын милдетин аткаруучу;

06.1995 – 02.2010 — "Дан" АКтын башкаруу төрагасы, башкы директор, Баткен облусунун мамлекеттик материалдык резервдин башкаруусунун төрагасы;

02.2010 – 08.2011 — Кызыл-Кыя шаарынын мэринин милдетин аткаруучу;

08.2011 – 07.2016 — Кызыл-Кыя шаарынын мэри;

07.2016 — 04.2019 — КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Мамлекеттик сыйлыктары:

1995 —"Манас эпосуна – 1000 жыл" аттуу эстелик медалы;

1998 — "Даңк" медалы;

2005 — Кыргыз Республикасынын "Ардак грамотасы";

2010 — "Айыл чарбасынын отличниги" төш белги;

2012 — "КР муниципалдык кызматтын отличниги" төш белгиси;

2015 — КР президентинин энчилүү сааты.

Жаңылыктар түрмөгү
0