Асылбек уулу Дамирбек — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Асылбек уулу Дамирбек
Депутат Асылбек уулу Дамирбек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дамирбек Асылбек уулу 1981-жылы 3-февралда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган

Билими:

1993-1998 — Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынан билим алган;

1998-2003 — Жалал-Абад коммерциялык институтунун экономика факультетин "Бухгалтердик эсеп" адистиги боюнча бүтүргөн;

2009-2011 — КР Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер факультетинин "дүйнөлүк экономика" кафедрасында "Экономика чөйрөсүндө дипломат" адистиги боюнча окуган;

Эмгек жолу:

2000-2004 — "АРМS" ЖЧКсынын башкаруучу директору;

2006-2008 — "Sky-Mobile" ЖЧКсынын атайын кат-кабарларды кайра иштеп чыгуу кызматы бөлүмүнүн башкаруучусу;

2008-2009 — "БиМаКом" ЖЧКсынын башкы директорунун кеңешчиси;

2009-2010 — КР Жогорку Кеңешинин депутаты;

2010-2015 — "Альфа Телеком" ЖАКында компаниянын кызыкчылыгын коргоо жана мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча координатор;

2015 — КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышында "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси депутат болуп келген.

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 70 жылдыгына карата юбилейлик медаль, Дөлөн Өмүрзаков атындагы мекемелик сыйлык, Рамзан Кадыров атындагы медаль, Эл аралык FILA күрөш федерациясынын ордени менен сыйланган.

2012-жылдан азыркы мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти.

2013-жылдан ушул мезгилге чейин "AAWC" спорттук күрөшү боюнча Азия кеңешинин вице-президенти болуп саналат.

Спорттогу жетишкендиктери:

Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери;

1997-1999 — КРдин мыкты спортчусу;

1997 — Словениянын Марибор шаарындагы Дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү орунду ээлеген;

1998 — Бишкекте өткөн спартакиаданын чемпиону;

1999 — Ирандын Тегеран шаарында өткөн Азия чемпионатында жеңишке жетип, Азия чемпиону болгон;

1999 —Бишкекте өткөн Орто Азия оюндарынын чемпиону;

2001 — Монголиянын Улан-Батор шаарында Азия чемпионатынын байгесин жеңип алган;

2004 — Казакстандын Алматы шаарында Азия Кубогу мелдешинде биринчи орунга татыган;

2006 — "Голден Гран При" турниринин серияларында чемпион болгон жана байге жеңип алган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0