Акматов Алмасбек Жумабекович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат VI созыва ЖК Алмасбек Акматов
Депутат VI созыва ЖК Алмасбек Акматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмасбек Акматов 1964-жылы 18-октябрында Нарын облусундагы Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн

Билими:

1986 — Новосибирcкидеги жогорку аскердик-саясий окуу жайын аяктаган;

2002 — КР Президентинин башкармалыгынын алдындагы академияны "Менеджмент" багыты боюнча магистратурасын аяктаган;

2008 — КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынан "Эл аралык мамилелер" адистиги боюнча билим алган;

2011 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин "Финансы жана кредит" адистиги боюнча "Экономист" квалификациясы ыйгарылган.

Эмгек жолу:

1986-1991 — СССРдин коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда иштеген;

1991-2001 — "Торугарт-Транзит" кыргыз-кытай биргелешкен ЖЧКсынын башчысы;

2001-2002 — Мергенчилик ресурстарды көзөмөлдөө жана коргоо башкы башкармалыгынын жетекчиси;

2002–2004 — КР президент башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2004 — Республикалык жаратылышты коргоо фондусунун башчысы;

2005-2006 — КР президент башкармалыгынын башчысы;

2007-2012 — КР Эсептөө палатасынын Бишкек, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси;

2015-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.

Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0