Дүшалиев Абдыбек Кашымбекович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ЖКДүшалиев Абдыбек Кашымбекович
Дүшалиев Абдыбек Кашымбекович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдыбек Дүшалиев 1962-жылы 18-декабрда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында төрөлгөн.

Билими:

1980-1983 — Ташкенттеги Геологиялык чалгындоо техникумунан техник чалгындоочу кесибине ээ болгон;

1986-1991 — Фрунзедеги Политехникалык институтунун автомобиль жолдору, инженер куруучу адистигине ээ болгон;

Эмгек жолу:

Эмгек жолун "Кумтөр" чалгындоо отрядында 3-разряддагы бургулоочу болуп баштаган.

1991 — Чүй облусунун мамлекеттик автоинспекция бөлүмүндө жол патрулдук кызматында иштеген;

1991-2001 — КР мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүндө ага тескөөчү;

2001-2006 — КР мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын каттоо бөлүмүнүн ага тескөөчүсү;

2006-2008 — КР мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын Ысык-Ата райондук каттоо бөлүмүнүн башчысы;

2008-2009 — КР мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын каттоо, анализдөө жана алдын алуу борборунун башчысы;

2009-2010 — КР мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын көзөмөл каттоо бөлүмүнүн башчысы;

2010 —Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин башкы адиси;

2010-2014 — Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору;

2018-жылы 25-январында Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата Журт" фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабановдун ордуна депутат болуп келген.

Сыйлыктары:

КР мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын "Ардак грамотасы";

Кыргыз Республикасынын II даражадагы "Азамат" медалы;

Мамлекеттик автоинспекциясынын "Мыкты кызматкери" медалы;

КР Ички иштер министрлигинин 80 жана 85 жылдык маарекелик медалдары;

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын мыктысы" төш белгиси.

ИИМдин мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын подполковниги.

Жаңылыктар түрмөгү
0