Жамангулов Акылбек Жекшенович — өмүр баяны

© Фото / Атабек ЖамангуловДепутат Жогорку Кенеша Акылбек Жамангулов
Депутат Жогорку Кенеша Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акылбек Жамангулов 1988-жылы 24-октябрда Чүй облусунун Кемин шаарында туулган.

Билими:

2011 — Кыргызстан-Россия Славян университетинен "Каржы жана насыя" адистиги боюнча билим алган;

2014 — КР Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясында "Эл аралык мамилелер" адистиги боюнча билим алган;

2014 — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан "Юриспруденция" адистигин бүтүргөн;

Эмгек жолу:

2003 — "Көк-Ойрок" Балыкчы ликер-арак заводу" ЖЧКсында;

2005-2006 — "Альфа Ширсфилд Аудит" ЖЧКнын кардарларды тартуу бөлүмүндө адис;

2006-2007 — "Альфа Маркетинг" ЖЧКсынын коомчулук менен байланыш бөлүмүндө PR-менеджер;

2007-2008 — "Арвин" ЖЧКсынын сатуу жана жеткирүү бөлүмдөрүндө менеджер;

2008 — "Тар-Суу" ЖЧКсында аткаруучу директор;

2008-2011 — "Кыргыз агроазык-түлүк корпорация" ААКысында башкы директордун жардамчысы, сапаттарды сактоо жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси, тышкы экономикалык ишкердик жана инвестициялар башкармалыгынын жетекчиси, маалымат жана анализ башкармалыгынын жетекчиси;

2011-2013 — "Манас" Эл аралык аэропорту" ААКтын башкаруучулугунун мүчөсү, президенттин жардамчысы;

2013-2014 — "Gold King Plus" ЖЧКсынын башкы директору;

2014-2015 — Кемин цемент заводунун "ZETH Cement" ЖЧКсынын аткаруучу директору; "Шанфэн ЗЭТ Цемент" ЖЧКсынын жалпы суроолор боюнча башкы директордун орун басары;

2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Республика — Ата-Журт" саясий партиясынан депутат болгон.

2018-жылдын 24-октябрынан тарта "Альфа Телеком" компаниясынын (MegaCom бренди) башкы директору.  

Үй-бүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0