Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековИбраимжанов Болотбек Сапарбаевич
Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болотбек Ибраимжанов 1965-жылы 25-декабрда Фрунзе шаарында туулган.

Билими:

1984 — Ош облусундагы Алай районунун №67 кесиптик-техникалык окуу жайын бүтүргөн;

1984-1986 — Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Запастагы майор аскердик наамы бар;

1993 — Москвадагы Ленин жана Эмгек Кызыл Туу ордендүү К.А.Тимирязев атындагы айыл чарба академиясын "Агроном" адистиги боюнча аяктаган;

2002 — Ош технологиялык университетинде "Экономика" адистиги боюнча билим алган;

2014 — Кыргыз-Өзбек университетинде "Юриспруденция" багыты боюнча билимге ээ болгон;

2006 — Кыргызстан — Россия Славян университетинде экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болгон.

Эмгек жолу:

1999-2004 — "Кыргызпахта" ЖАКтын вице-президенти;

2004-2010 — "Кыргызпахта" ЖАКтын президенти;

2010-2012 — КР Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси;

2012-2013 — КР Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

2016 — "Ата-Журт" фракциясынан мандат алган Жыргалбек Саматовдун ордуна депутат болуп келген.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0