Макеев Нурланбек Кадыкеевич

Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевич өмүр баяны

(жаңыланган 15:15 10.01.2019)
Нурланбек Кадыкеев 1970-жылы 21-январда Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында туулган.

Билими:

1990 — Бишкек финансы-экономикалык техникумун аяктаган;

1999 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинен "юриспруденция" адистиги боюнча билим алган;

2007 — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияны "финансы жана кредит" адистиги боюнча бүтүргөн;

Эмгек жолу:

1988 — Нарын облусунун Кочкор районундагы "Кочкорка" ЭОГПЗында автослесарь;

1997-2000 — Бажы иштери боюнча "Туркуаз" ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары;

2000-2001 — "Дамла-Транс ЛТД" ЖЧКсынын башкы директору;

2001-2002 — КР Финансы министрлигине караштуу Финансы полиция башкармалыгынын өздүк коопсуздук бөлүмүндө оперативдүү ыйгарым укуктуу кызматкер;

2002-2003 — Финансы полициясынын Чүй жана Талас облустары боюнча региондор аралык башкармалыгынын бажылык укук бузуулар, кыянаттык кылуу жана коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн улук оперативдүү ыйгарым укуктуу кызматкери;

2003-2004 — Финансы полициясынын Чүй жана Талас облустары боюнча региондор аралык башкармалыгында 3-бөлүмдүн башчысы;

2004-2005 — Финансы министрлигине караштуу кирешелер боюнча комитеттин Бишкек бажы ЖТКнын жетекчи орун басары, КР Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин Кара-Балта бажы ЖТКнын жетекчис орун басары;

2005-2010 — "Манас" бажыканасынын жетекчиси;

2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Кыргызстан" саясий партиясынан депутат болуп келген.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

2018-жылы июнда каза болгон.

Белгилер:
биография, өмүр баян, Нурланбек Макеев
 Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Социалдык фонддун төрагасы Уланбек Асанов

Асанов Уланбек Жалалович өмүр баяны

(жаңыланган 16:02 06.04.2021)
Уланбек Асановдун өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымал" рубрикасынан таанышууга болот.

Уланбек Асанов 1970-жылы 30-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы. Мамлекеттик кызматтын биринчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Билими:

  • 1988-1993 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономикалык жана социалдык пландоо факультетин аяктаган.
  • 1998-2000 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, юриспруденция адистигин бүткөн.

Эмгек жолу:

  • 1990-1994 — Макарон-кондитердик фабрикасында экономист;
  • 1994-1995 — “Кыргызагроминитехпром” мамлекеттик-коммерциялык өндүрүштүк бирикмесинде жетектөөчү инженер;
  • 1995-1998 — Ош электр тармактар ишканасында инженер;
  • 1998-2001 — “Кыргызэнерго” акционердик коомунда инженер;
  • 2001-2003 — “Ошэлектр” ачык акционердик коомунда АСУ башчысы;
  • 2003-2003 — КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын жардамчысы;
  • 2004-2005 — премьер-министрдин аппарат жетекчисинин жардамчысы;
  • 2005-2006 — президенттин администрация жетекчисинин биринчи орун басарынын жардамчысы;
  • 2007-2007 — премьер-министрдин жардамчысы;
  • 2008-2009 — “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынын аппарат жетекчиси;
  • 2009 — Социалдык фонддун окуу борборунун директорунун орун басары;
  • 2009-2010 — Социалдык фонддун төрагасынын кеңешчиси;
  • 2010-2013 — Социалдык фонддун аппарат жетекчиси;
  • 2013-2021 — Социалдык фонддун төрагасынын орун басары;
  • 2021-жыл, апрель — Социалдык фонддун төрагасы.
Белгилер:
өмүр баян, таржымал, кеңешчи, төрага, Социалдык фонд, Уланбек Асанов
Тема боюнча
Тентишев Эркин Саткынбаевич — өмүр баяны
Финчалгындоонун жаңы башчысы Канатбек Тургунбековдун өмүр баяны
Бишкектеги Ормон хандын эстелиги. Архив

Ормон хан. Кененсарынын башын алып, Кокондун колун кыйраткан "Кызыл тебетей"

(жаңыланган 15:09 15.03.2021)
Кыргыз элинин тарыхында бараандуу орду бар Ормон Ниязбек уулунун өмүр жолу тууралуу Sputnik даярдаган "Таржымалдан" окусаңыз болот.

Сарыбагыш уруусунун чоң манабы, түндүк кыргыздарынын ханы Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган.

Убагында казак ханы Кененсарыны жеңип бийлигин бекемдесе, Кокон ханынын аталыгы Мусулманкулдун колун артка кайтарып, Чүй жергесин душмандардан коргоп келген. Сырткы душмандарга айбат көрсөтүп, ысымы Россия, Кытай империяларына жеткен кыргыз ханы ички душмандардын кутумунан ажал тапкан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тарыхчылар Асанбек Акматалиев жана Белек Солтоноевдин эмгектерине таянуу менен Ормон хандын таржымалын сунуштайт.

Атагын арттырган куда-сөөктүк саясат

Ормон хандын атасы Ниязбек сарыбагыш уруусунун белгилүү бийи. Айтылуу Калыгул Бай уулу менен Ормон хан ага-ининин балдары, олуя кийинчерээк кеңешчи да болгон.

Тарыхчы Асанбек Акматалиевдин маалыматында, Ормон хан башка уруулар менен мамилесин чыңоого аракет кылган. Бул үчүн кызы Куланды бугунун бийи Боромбайдын уулуна берсе, иниси Төрөгелдиге солтонун бийи Канайдын кызын алып берет. Саяктардын бийи Медет датка менен ымалашып, Чыны бий менен достошкон. Тайлак баатырдын уулу Осмон менен өз уулу Чаргынды достоштурат. Кетмен-төбөлүк бий Ырыскулбекке өз уруусунан кыз алып берет. Ошентип Чүй, Көл, Нарын, Кетмен-Төбө, Талас чөлкөмүндөгү кыргыздарга аттын кашкасындай таанымал болуп, аброю бийиктеген.

Ормондун хан көтөрүлүшү

Ормон Ниязбек уулу түндүк кыргыз урууларынын башын кошуп өзүнчө хандык түзүүнү көздөйт. 1842-жылы Ысык-Көлдүн этегинде 500 боз үй тигилип, кыргыздын курултайын өткөрөт. Курултайга сарыбагыштардан Жантай, Калыгул, Төрөгелди катышса, солтодон Жангарач, Тынаалы баштаган топ келип кошулган. Андан сырткары, саяктарды баштаган Медет датка, бугулардан Боромбай жана кушчу, черик, саруу, моңолдор урууларынын өкүлдөрү да катышкан. Ошондой эле түштүк кыргыздардан Алымбек датка келгени айтылып жүрөт.

Курултайда Ормон: "Биз бирикпесек кыргыз болбой калабыз. Бизге салыштырмалуу Кокондун ханы бар, Кашкардын кожосу бар, Калмактын тайшасы жана бул эле казактын да ханы бар. Биз болсо уруубуздун арсыз намысын тутуп, бириге албай жүрөбүз. Минтип кете берсек эл-жерибизди жоготуп алабыз. Биригели, өзүбүзгө хан шайлап алалы. Ханды эл шайласын, ошон үчүн курултайга чакырдым", — деп кайрылат. Жыйында ар уруунун билерманы чыгып сөз сүйлөп, Ормонду ылайык көрүшөт. Ошентип 52 жаштагы Ормон Ниязбек уулуна ай тамгалуу кызыл кымкап тебетей кийгизилет. Ал хан болуп шайлангандан кийин ордосун Байсоорунга орнотот. Хандын өзүнүн тамгасы, мөөрү болгон.

Кокондун сан миңдеген колун кыйраткан

Ормон хан такта турганда уруу аралык касташууларды токтотот. Жерди кеңейтүү максатында Иле дарыясынын жээгин кыргыздарга кошууну самап 500гө жакын үй менен көчүп барган. Кокон хандыгынын Куртка, Байсоорун чептерин талкалатат. Санташ, Бедел, Тоюн жана Ашуу-Алматыга кароол чеп орнотот. Кокондун ханы Ормонду өзүнө тартуу үчүн "Парваначы" деген өтө бийик наам ыйгарат. Ормон кыргызды өзүнчө көз карандысыз мамлекет кылууга жана борборлоштурулган бийлик түзүү аракетин жүргүзгөн. Тышкы иштер боюнча, сот иштерине жана кол башчылыкка ишенген адамдарын дайындайт. Мындан кооптонгон Кокон хандыгы түндүк кыргыздарды басуу үчүн Мусулманкул аталыкты 5000 аскери менен жиберет. Жоо келе жатканын элчи аркылуу билген Ормон хан Жантай, Жангарач болуп тосуп чыгат. Бир жумага созулган кармашта Мусулманкул аталыктын колу кыйрап, артка чегинет.

Казак-кыргыз кармашы, Кененсарынын өлүмү

Тарыхчы Белек Солтоноевдин жазганы боюнча, 1845-жылы кыргыз-казак ортосунда "жылкы уурдалды" деп чыр чыгат. Анын натыйжасында казак ханы Кененсары Бишкектин түндүк жагындагы тынай элине кол салып, эрлер окко учат. Казак аскерлери балдарды мууздап, аялдардын ичин жарып кетет. Эки жыл өткөн соң, 1847-жылы жаз айында Кененсары хан 20 миңге жакын аскери менен Сары-Өзөн Чүйгө жортуул жасайт. Сарыбагыштын жоого жарактуу жигиттери менен Жантай, Солтодон Жангарач баштаган кыргыздар жоонун жолун торогон. Жыйынтыгында Абылай хандын небереси Кененсары хан иниси Ноорузбай экөө колго түшөт. Алардын башы алынып, Россия бийлигине жөнөтүлгөн. Кененсарынын колун талкалап, аны туткундап өлтүргөндөн кийин Ормон хандын ысымы Кытай, Россия империяларында айтыла баштаган.

Ормон хандын колго түшүшү

Тарыхчы Асанбек Акматалиевдин айтымында, Ормон хандын бугу эли менен таарынычы болгон. Кокондон Мусулманкул аталык келип согуш ачканда Ормон хан көл жээгиндеги бугуларга чабарман жиберип жардам сурайт. Алар келбей койгондо "кыргыздын тарыхы кыл үстүндө турганда кыянаттык кылып, эл-жерди коргогонго келбей койдуңар" деп Боромбай бий менен Муратаалыга таарынат. Бугу уруусу кийин Кененсары менен болгон согушка да катышкан эмес. Ормон хан көлдүн башын кыдырып, "Санташ" чегин көрүп кайра келе жатканда Боромбайдын уулу Кылыч менен Нышандын уулу Мырза жолун торойт. Ормонду колго түшүрүп туткундашат. Аны күйөө баласы Өмүрзак менен кызы Куландын үйүнө алып барышат. Кутум уюштурулуп, аны өлтүрүүнү чечишет. Кененсарынын колун талкалаганына катуу намыстанган казак султаны Тезек төрөнүн да бул ишке тиешеси болгон. Ошентип, Ниязбек уулу Ормон хан 1855-жылы өз кызынын үйүндө өлтүрүлөт.

Хандын куну, сарыбагыш-бугу чабышы

Ормон ханды ким кандайча өлтүргөнү жөнүндө так маалымат жок. Бирок көп убакыт өткөрбөй эле уулу Үмөтаалы менен иниси Төрөгелди хандын кунун кууп бугу элине согуш ачат. Тирешүүдө аялдар туткунга алынып, жигиттер көз жумат. Бугу менен сарыбагыштын кармашы үч жылга созулган. Бул тирешүү уруулардын Россия карамагына өтүп, орус бийлигинин жана Жантай хандын ортого түшүүсү менен токтогон.

Белгилер:
Ормон хан, таржымал, тарых, туткун, өлүм, Кокон хандыгы
Тема боюнча
Тайлак баатыр туурасында жети факты. 42 жаш. Жүлүндү сыздаткан өлүм

Дүйнөдөгү эң бай 15 киши. Сүрөттөр

  • Ларри Пейж менен Сергей Брин дүйнөдөгү эң популярдуу Google издөө системасын иштеп чыгышкан. Байлардын тизмесинде сегизинчи катарда турган Ларри Пейждин мүлкү 91,5 миллиард доллар
Forbes журналы жакында эле жыл сайын жарыялоочу дүйнөнүн эң бай адамдарынын рейтингин чыгарды. Байлыгына сан жетпеген кишилер кандай болорун, алардын мүлкү тууралуу Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн окуңуз.

Эң байлардын тизмесинде дагы деле Amazon интернет-ритейлердин башкы директору Жефф Безос көч баштоодо. Анын байлыгы бир жыл ичинде 64 миллиард долларга көбөйгөн. Учурда анын мүлкү 177 миллиард долларды чапчыйт.

Tesla компаниясынын ээси, жеке ишкер Илон Маск экинчи сапта турат. Өткөн жылы анын компаниясынын акциялары 720 пайызга кымбаттап, рейтингдеги 31-катардан дароо экинчиге көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берди.

LVMH мода үйүнө үй-бүлөсү менен ээлик кылган Бернар Арно үчүнчү сапка жайгашып, мүлкү 150 миллиард долларга бааланууда. Эскерте кетсек, россиялык супермодель Наталья Водянова Бернардын уулу Антуан Арнонун жубайы болот.

Рейтингге бардыгы болуп 2 755 миллиардер кирген. Алар былтыркыдан 660 кишиге көбөйгөн. Миллиардерлердин мүлкү жалпы жонунан 13,08 триллион долларга бааланууда. Бул рекорддук көрсөткүч.

 

  • © REUTERS / Joshua Roberts

    Планетанын эң бай адамы Жефф Безос 2018-жылы Вашингтондо өткөн экономикалык клубдун жыйынында сүйлөп жаткан учуру

  • © AP Photo / Richard Drew

    Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск автоунаанын жанында турат. 2020-жылы ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде болуп көрбөгөндөй секирик жасаган

  • © AFP 2021 / Gabriel Bouys

    Рейтингде үчүнчү сапта LVMH мода үйүнө ээлик кылган Бернар Арно жана үй-бүлөсү турат. Сүрөттө: Бернар Арно өмүрлүк жары, уулу Антуан жана келини россиялык супермодель Наталья Водянова

  • © AFP 2021 / Tobias Schwarz

    Microsoft компаниясын негиздеген Билл Гейтс 124 миллиард доллар мүлкү менен төртүнчү орунда турат. Ал жубайы менен дүйнөдөгү эң ири кайрымдуулук фондду жетектешет. Мындан сырткары, АКШнын 19 штатында дыйканчылык жерлери бар

  • © AP Photo / Bob Edme

    Бешинчи сапты Марк Цукерберг ээлеген. Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсүнүн мүлкү 97 миллиардды чапчыйт

  • © AP Photo / Eric Francis

    Уоррен Баффеттин байлыгы Цукербергдикинен бир миллиард долларга аз. Ал белгилүү Berkshire Hathaway инвестициялык мекемеге жетекчилик кылат. Уюм 60тан ашык компаниянын үлүшүнө ээлик кылат

  • © AFP 2021 / Getty Images North America / Ezra Shaw

    Миллиардер Ларри Эллисондун негизги кирешеси Oracle компаниясынан түшөт. Мекеме программалык камсыздоо менен алектенет. Эллисондун мүлкү 93 миллиард доллар деп бааланат

  • Ларри Пейж менен Сергей Брин дүйнөдөгү эң популярдуу Google издөө системасын иштеп чыгышкан. Байлардын тизмесинде сегизинчи катарда турган Ларри Пейждин мүлкү 91,5 миллиард доллар
    © AP Photo / Jeff Chiu

    Ларри Пейж менен Сергей Брин дүйнөдөгү эң популярдуу Google издөө системасын иштеп чыгышкан. Байлардын тизмесинде сегизинчи катарда турган Ларри Пейждин мүлкү 91,5 миллиард доллар

  • © AFP 2021 / Getty Images North America / Justin Sullivan

    Сергей Бриндин 89 миллиард долларлык мүлкү бар. Анын атасы 1977-жылы Советтер Союзунан жер которуп кеткен

  • © REUTERS / Amit Dave

    Индиялык Мукеш Амбани ааламдагы эң байлардын тизмесиндеги алдыңкы ондукка кирген азиялык жалгыз өкүл. Ал ири мунай компаниясынын акционери болуп саналат. Мындан сырткары, 4G-интернет кызматын көрсөтүүчү компанияга ээлик кылат

  • © AP Photo / Iago Lopez

    Inditex корпорациясын негиздеген испаниялык Амансио Ортега 11-сапта турат. Ал бир катар дүйнөлүк бренддерди башкарат, алардын эң атактуусу – Zara

  • © AP Photo / Francois Mori

    Франсуаза Беттанкур-Майерс L'Oreal косметикалык бизнес-империясын негиздеген адамдын небереси болуп саналат

  • © AFP 2021 / STR / CNS

    Кытайлык Чжун Шаньшань суусундук чыгаруучу компанияга жана медициналык корпорацияга ээлик кылат

  • © AP Photo / Mark J. Terrill

    Microsoft компаниясынын мурдагы башкы директору Стив Балмер рейтингде 14-сапта

  • © AP Photo / Kin Cheung

    Ма Хуатэн Tencent Holdings интернет-холдингге ээлик кылат. WeChat мессенжери дал ушул уюмга таандык. Кытайлыктын ошондой эле дүйнөдөгү башка ири долбоорлордо да үлүшү бар.

Белгилер:
мүлк, рейтинг, миллиардер, байлык, Forbes
Тема боюнча
Дүйнөнүн эң бай беш кишиси аныкталды. Жаңы рейтинг