Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаСурабалдиева Эльвира Жыргалбековна
Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эльвира Сурабалдиева 1978-жылы 23-ноябрда Фрунзе шаарында туулган. Эки жогорку билиминин бирин Улуу Британиядан алган.
Билими:
2000 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "эл аралык байланыштар" адистиги боюнча аяктаган.
2003 — Улуу Британиянын Бристоль университетин "эл аралык байланыштар" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2003 — Кыргызстан ишкерлер союзунун аткаруучу директору;
2004 — 2006 — КР Социалдык фондунун тышкы байланыштар жана маалыматтар бөлүмүнүн башкы адиси, бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчы;
10.2006 — 08.2015 — "Кудайберген" автоунаа базарынын башкы директору;
2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында Кыргызстан социал-демократтар партиясынан (КСДП) депутат.
2020 — жылдын 28-октябрында Кыргызстандын вице-премьер-министри болуп дайындалган.
2022-жылдын март айында бир мандаттуу округ боюнча Биринчи Май районунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген.

ЖКнын III чакырылышынын депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы. Атасы 2005-жылы киши колдуу болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0