Султанов Абдыкапар Маданбекович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековСултанов Абдыкапар Маданбекович
Султанов Абдыкапар Маданбекович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдыкапар Султанов 1958–жылы 7-октябрда Ош облусунун Ленин районундагы Шайдан айылында туулган.

Билими:

1978 — Майлуу-Сай шаарындагы техникалык училищаны артыкчылык диплому менен аяктаган;

1983 — Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтун тоо инженер механиги адистиги боюнча бүтүргөн;

Эмгек жолу:

1983-1998 — Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Жаңгак шаарында "Көк-Жаңгак" шахтасында электрослесарь, шахтанын директору;

1998-2015 — "Тегене" ЖЧКсынын директору;

1987-1989 — Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаты;

1992-1994 — Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаты;

2008-2012 — Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты;

2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан депутат.

Сыйлыктары:

1999 — КР президентинин жарлыгы менен "Кыргыз Республикасынын өнөр жай тармагына эмгек сиңирген кызматкери" ардактуу наамы ыйгарылган;

2013 — "Ак-Жүрөк" сыйлыгынын лауреаты;

Таш-Көмүр шаарынын жана Аксы районунун "Ардактуу аттуулу" деген наамдардын ээси.

Үй бүлөлүү, алты баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0