Сулейманов Бахадыр Искакович — өмүр баяны

Жазылуу
Бахадыр Сулейманов 1963-жылы 4-майда Казакстандын Жамбыл облусунда Жалпак-Төбө айылында туулган.

Билими:

1985 — Новосибирь институтун "Коомдук тамак-аштын технологиясы жана уюштуруу" адистиги боюнча бүтүргөн;

1997 — Кыргыз мамлекеттик университетинин Юридика факультетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган;

Эмгек жолу:

1985 — Талас облусунун Киров районундагы керек-жарак биримдигинин Киров нан-булочка комбинатынын өндүрүш башчысы;

1986-1989 — Киров районундагы керек-жарак биримдигинин Киров коомдук тамактануу бирикмесинин өндүрүш башчысы;

1989-1991 — Чүй облусунун Кант райондук керек-жарак биримдигинин директор орун басары;

1991-2001 — Чүй облусунун Кант дүң-чекене жашылча-жемиш даярдоо кеңсесинин директору;

2001-2003 — Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары;

2003 — Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы;

2007 — Жогорку Кеңештин аппаратынын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүмүндө кызматкер;

1996-2000 — Кант райондук эл депутаттар кеңешинин депутаты;

2011-2015 — Жогорку Кеңештин V чакырылышында "Ата-Журт" партиясынан депутат;

2013 — "Кыргызстан дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкаруучулугунун төрагасы, Кыргызстан элдери ассамблеясынын президиум кеңешинин мүчөсү;

2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Ата-Мекен" партиясынан депутат. КР Жогорку Кеңеши менен Россиянын федералдык жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын мөчөсү.

Наамы:

III класстагы мамлекеттик кеңешчи класстык чинине ээ.

Сыйлыктары:

Кыргызстан элдери ассамблеясынын 20 жылдыгынын урматына "Кыргызстан элдеринин тынчтыгын, ынтымагын жана биримдигин чыңдоого кошкон салымы үчүн" медалы;

Россия федерациясынын мамлекеттик резервдер боюнча Федералдык агенттигинин "Мамлекеттик резервдерге 75 жыл" медалы;

СССРдин эл артисти Хусейн Мухтаров атындагы эл аралык фонддун "Кыргыз Республикасынын алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн" алтын медалы;

Афганистан согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин "Афганистандагы согуштун ардагерлер кеңешине 20 жыл" медалы;

"КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жана анын органдарынын ишине активдүү катышкандыгы, эл аралык достукту чыңдоого кошкон салымы үчүн" КМШ ПААнын Ардак грамотасы;

"Парламенттик кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн" КМШ ПАА достугу" ордени.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0