Сарсейитов Исланбек Зайырбекович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша КР Исланбек Сарсейитов
Депутат Жогорку Кенеша КР Исланбек Сарсейитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Исланбек Сарсейитовдун өмүр баянын Sputnik Кыргызстан агенттигинин таржымалынан окуңуздар

Исланбек Сарсейитов 1975-жылы 21-ноябрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган.

Билими:

1996 —Жалал-Абад мамлекеттик университетин "инженер" адистиги боюнча аяктаган;

2012 — КР президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын "менеджмент" адистиги боюнча аяктаган;

Эмгек жолу:

1999 — Токтогул ГЭС КАСКАДынын метрологиялык кызматында биринчи разряддагы электрослесарь;

2000 — Автобазанын кезметчи механиги, өткөрүү пунктунда көзөмөлдөөчү;

2002 — Жылуулуккомэнергонун (ТКЭ) транспорттук участогунда жетекчи;

2004 —Токтогул ГЭС КАСКАДындагы ТКЭнин электротехникалык цехинде жетекчи;

2004 — Токтогул ГЭС ыкчам тобунун алмашуу жетекчиси;

2007 — Токтогул ГЭС КАСКАДынын ыкчам-диспечердик тобунун алмашуу жетекчиси;

2008 — Токтогул ГЭСинин ыкчам тобунун жетекчиси;

2009 — "Империя Групп" ЖЧКсында жабдуучу;

2010 — "Империя Групп" ЖЧКсынын башкы мүдүрү;

2016-жылы ноябрь айынан тартып КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына "Кыргызстан" партиясынан депутат.

Үй-бүлөлүү, алты баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0