Турсунбаев Азизбек Атакозуевич — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ЖКТурсунбаев Азизбек Атакозуевич
Турсунбаев Азизбек Атакозуевич - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азизбек Турсунбаев 1966-жылы 3-майда Ош облусунун Ала-Бука районундагы Кызыл-Ата айылында туулган.

Билими:

1994 — Кыргыз медициналык институтунун стоматологиялык факультетин аяктаган;

1997 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн;

1994-1995 — Ош облустук стоматологиялык бейтапканасында интернатурада окуган.

Эмгек жолу:

1983 — Ала-Бука районунун "Бирлик" совхозунда жумушчу;

1995-1999 — жеке ишкер;

2000-2003 — Панфилов районунун Кайыңды шаарчасынын "Шекер-Ордо" ЖЧКсынын соода-сатык иштери боюнча башчысы;

2003-2005 — "Ошкрастекст" ЖЧКсынын Бишкек филиалынын директорунун орун басары, директор;

2005-2007 — Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты;

2007 — Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, ЖК төрагасынын орун басары;

2011 — Жалал-Абад облусунун губернатору;

2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышына "Кыргызстан" партиясынан депутат.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

Үй бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0