Бекишов Ариет Нарынбаевич — өмүр баяны

© Фото / федерация Кулатуу эртаймашКыргызстандык мушкер Ариет Бекишов. Архив
Кыргызстандык мушкер Ариет Бекишов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ариет Бекишов 1993-жылы 25-декабрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган.

Билими:

2012-2017 — Кыргыз мамлекеттик Курулуш, транспорт жана архитектура университетинин инженер-архитектор бөлүмүнөн билим алган;

"Боец" спорттук клубунун тарбияланучусу, машыктыруучусу Эмил Токтогонов. Каймана аты — "Карышкыр". Бою — 170 сантиметр, салмагы 57 килограмм.

Спорттук жетишкендиктери:

Аралаш мушташтын вале-тудо версиясы боюнча КРдин үч жолку чемпиону;

2015 — грэпплингдин NAGA версиясы боюнча КРдин чемпиону;

2016-2017 — аралаш мушташ боюнча "Ормон-Хан" кубогунун жеңүүчүсү;

2016 — бразилиялык жана япониялык жиу-житсу боюнча КРдин чемпиону;

2016 — Кулатуу эр таймаш боюнча WEF ProfFight 9, WEF Selection 2, WEF ProfFight 2 турнирлеринин жеңүүчүсү;

Эрежесиз уруш боюнча Nomad Fights мелдешин үч жолу уткан;

2017 — Кулатуу эр таймаш WEF ProfFight 12, WEF Global 7, WEF Global 9 (чемпион) турнирлеринин жеңүүчүсү;

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча коло медаль;

Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөткүчү 7-0-0 (жеңиш, утулуу, тең чыгуу — ред).

Бойдок.

Жаңылыктар түрмөгү
0