Юсуров Абдумажит Лелезович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ЖКЮсуров Абдумажит Лелезович
Юсуров Абдумажит Лелезович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдумажит Юсуров 1964-жылы 12-апрелде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ырдык айылында төрөлгөн.

Билими:

1985 — Жусуп Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик университетин "география" адистиги боюнча аяктаган;

2008 — Жусуп Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик университетин "Юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган;

2014 — Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1986 — Пржевальск институтунун Ботаника жана химия кафедрасында окутуучу:

1987-1992 — Ысык-Көл ОБЛКСМда инструктор;

1992-2005 — "Айым Галф" ЖЧКсынын коммерциялык директору;

2005-2007 — "Трэвел Альянс групп" ЖЧКсынын директору.

2007-2010 — КР Жогорку Кеңешинин IV чакырылышына депутат;

2015 — КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына "Өнүгүү — Прогресс" партиясынан депутат.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0