Маматов Абдимуктар Маматович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Абдимуктар Маматов
Депутат ЖК Абдимуктар Маматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдимуктар Маматов 1950-жылы 19-майда Ош облусундагы Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында туулган.

Билими:

1969-1974 — Москвадагы И.М.Губкин атындагы нефтехимиялык институтунун нефте-газ өндүрүшү факультетинен инженер-механик адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

1966-1969 — "Куршаб" совхозунда жумушчу, "Ленин" атындагы орто мектепте мугалим;

1974-1983 — "Ошгаз" ишканасында катардагы инженер, башкы инженер;

1983 — Мамлекеттик мунайзат ишканасынын Ош аймактык башкармалыгында бөлүм башчы;

1983 — Таш-Көмүр мунайзат базасынын директору;

1991-1996 — Жалал-Абад облусундагы Мамлекеттик мунайзат ишканасында башкы директор;

1996-2006 — Мунайды кайра иштетүүчү "Кыргыз Петролиум Компани" заводунда башкы директор;

2006-2010 — Жалал-Абад шаарындагы "Мунайзат" жабык акционердик коомунун (ЖАКынын) директорлор кеңешинин жетекчиси;

2010 — КР Жогорку Кеңешинин V чакырылышына "Ата Мекен" партиясынан депутат;

2016-жылдын 22-январында КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына "Ата Мекен" партиясынан депутат.

Бир нече жолу Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештерине депутат болгон.

Наамдары:

"Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси" класстык чени бар.

Ийгиликтүү жетишкендиктери үчүн шаардык, облустук, мамлекеттик органдардын жана КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0