Назаров Айтмамат Кошоевич — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ЖКНазаров Айтмамат Кошоевич
Назаров Айтмамат Кошоевич - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айтмамат Назаров 1972-жылы 5-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Март айылында төрөлгөн.

Билими:

1994 — Кыргыз мамлекеттик университетин "экономист" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1994 — Жалал-Абад Коммерциялык институтунда окутуучу;

1997-1998 — Ош шаардык мэриясында башкы бухгалтер;

1998-2000 — Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында башкы адис;

2000-2001 — Жалал-Абаддын облустук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;

2001-2003 — Жалал-Абад мамадминистрациясынын бөлүм башчысы;

2003-2004 — Базар-Коргон районунун акиминин орун басары;

2004-2006 — Базар-Коргон районунун акиминин биринчи орун басары;

2006-2007 — Ош шаарындагы "Ак каz" (Арак заводу) ЖЧКсынын директору;

2007-2010 — Кара-Балта шаарындагы "КСЗ" мамлекеттик ишканасынын директору;

2011-2012 — Кара-Балта шаарындагы "Апроса" (Кара-Балта кант комбинаты) АКтын башкы директорунун орун басары;

2012-2015 — Шопоков шаарчасындагы "Bear Beer" (пиво кайнатуучу завод) ЖАКтын президенти, КСДП фракциясынан Кара-Балта шаарындагы шаардык кеңештин депутаты;

2016-жылдын 17-февралда Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Кыргызстан" партиясынан депутат.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0