Момуналиев Нурханбек Сакенович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүПрисяга министров Киргизии
Присяга министров Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурханбек Момуналиев 1971-жылдын 5-февралында Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

1992 — Архитектуралык-курулуш техникуму, адистиги — "техник-куруучу";

1999 — Чүй университети, адистиги — "салык иши";

2006 — КР президентине караштуу Башкаруу академиясын аяктаган;

2015 — Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы, эл аралык мамилер магистри;

Эмгек жолу:

1992-1995 — МABI ТПФсынын референти;

1995-1996 — Ленин райондук №2 турак жай эксплуатациялык башкармалыгынын участок мастери;

1996-1998 — Октябрь райондук №15 турак жай эксплуатациялык башкармалыгында башкы инженер;

1998-1999 — "Бишкектуракжайоңдоо" АКсынын №15 филиалынын директору;

1999-2000 — Свердлов райондук АКсынын №9 филиалынын башкы инженери;

2000-2001 — Чүй облустук администрациясынын өнөр жай, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башкы адиси;

2001-2002 — Жайыл райондук администрация жетекчисинин кеңешчиси;

2002-2003 — Жайыл райондук администрациясынын жалпы бөлүмүнүн башчысы;

2003 — Жайыл райондук администрация аппаратынын жетекчиси;

2003 — Кара-Балта шаардык башкармалыгынын жаштар иши боюнча адиси;

2003-2005 — "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ААКсынын инженери;

2005-2007 — КР премьер-министринин аппаратынын инспектору;

2007-2009 — КР президентинин администрациясынын инспектору;

2009 — КР өкмөттүк аппарат жетекчисинин орун басары даражасындагы өкмөттүн туруктуу өкүлү;

2009 — КР өкмөтүнүн аппаратынын бөлүм башчысы;

2010 — Убактылуу Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;

2010 — КР президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары, жетекчиси, министр рангында;

2012 — Мамлекеттик кадр кызматынын директору;

2012-2016 — КР өкмөттүн аппарат жетекчиси, министр рангында;

2016 — Мамлекеттик кадр кызматынын директору;

26.08.2017 — 12.03.2018 — КР өкмөттүн аппарат жетекчиси, министр рангында;

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0