Райымкулов Бактыбек Кемелбекович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Бактыбек Райымкулов
Депутат Жогорку Кенеша Бактыбек Райымкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бактыбек Райымкулов 1977-жылы 21-октябрда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында туулган.

Билими:

2003 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "Юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн;

2013 — Россия Федерациясынын президентинин алдындагы Россия мамлекеттик кызмат академиясын "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

2002-2004 — АВП "Киров Суу" директор;

2004-2005 — Панфилов районунун суу чарба башкармалыгынын жетекчи орун басары;

2005-2007 — АВП "Киров Суу" директор;

2007 — КР Жогорку Кеңешинде референт;

2007-2008 — "Алымбай Ата" айыл чарба өндүрүш кооперативинин жетекчиси;

2008 — "БишкекЭтКонсерваКомбинаты" ААКтын директор орун басары;

2008-2009 — "БишкекЭтКонсерваКомбинаты" ААКтын башкы директорунун милдетин аткаруучу;

2009-2012 — "БишкекЭтКонсерваКомбинаты" ААКтын башкы директору;

2012 — Чүй облусундагы Панфилов районунун акими;

2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышына "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0