УКМКнын жаңы жетекчи орун басары Токтосун Сабыров деген ким

© Пресс-служба президента КРНазначенный начальником 9-й службы ГКНБ КР Токтосун Сабыров
Назначенный начальником 9-й службы ГКНБ КР Токтосун Сабыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтосун Сабыров 1972-жылы 9-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында төрөлгөн

Билими:

1989-1994 — СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУ, юридикалык факультет, "укук таануу" адистиги;

1995-1997 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин алдындагы Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту, экономика факультети, "Финансы жана банк иши" адистиги;

Кошумча билими:

1998-1999-2001 —  Террорчулукка каршы атайын окуу-машыгуучу борбор, АКШ;

Атайын күчтөрдүн окуу-машыгуучу борбору, Франция, Париж шаары.

Россия, ФСБ Академиясынын атайын факультети, Москва шаары.

Иш тажрыйбасы:

2010-2016 — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы;

2009-2010 — Кыргыз Республикасынын Эмгек, жумуш менен камсыз кылуу жана миграция министрлиги, министрдин орун басары;

2008-2009 — Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуш менен камсыз кылуу мамлекеттик комитети, төраганын орун басары;

2006-2007 — Кыргыз Республикасынын ИИМинин Паспорт жана виза көзөмөлү департаменти, департамент начальнигинин орун басары;

2005-2006 — Кыргыз Республикасынын ИИМинин Паспорт жана виза көзөмөлү башкармалыгы, башкармалык начальнигинин орун басары;

2004-2005 — "КазВторЦветМет" ААКсынын коопсуздук кызматынын жетекчиси, Казакстан, Алматы шаары;

2003-2004 — "Вимпекс" компаниясынын регионалдык бөлүмүнүн коопсуздук кызматынын начальниги, Казакстан, Тараз шаары;

2001-2003 — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын оперативдүү бөлүктөрү;

1998-2001 — Кыргыз Республикасынын УКК "Альфа" атайын операциялар башкармалыгы, террорчулукка каршы "Калкан" борбору;

1994-1998 — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгы;

Кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлөйт, англис тилинде сүйлөшө алат.

Үй-бүлөлүү, үч баласы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0