Аскаров Замирбек Марипбаевич — өмүр баяны

© Sputnik / Зульфия ТургуноваАскаров Замирбек Марипбаевич
Аскаров Замирбек Марипбаевич - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Замирбек Аскаров 1975-жылдын 11-октябрында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1999-жылы Ош мамлекеттик университетин География адистиги боюнча бүткөн. 2014-жылы Ош мамлекеттик университетинин "Финансы жана кредит" адистигин бүткөн.

Эмгек жолу:

— 1999-2005 — Ош мамлекеттик университетинин мугалими, жаштар комитетинин төрагасы;

— 2002-2006 — Ош шаардык туризм, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы;

— 2006-2012 — Ош шаардык дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы;

— 2012-2013 — Ноокат районунун акими;

— 06.2014 — 04.2018 — Ош шаарынын биринчи вице-мэри;

— 2018-жылдын 20-апрелинен тарта КР вице-премьер-министри.

Сыйлыктары жана наамдары:

— Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министирлигинин ардак грамотасы;

— Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын отличниги;

— Билим берүүнүн отличниги төш белгиси

— Муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси

— "Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы" төш белгиси менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0