Мусаев Насыр Исмазович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ЖКЖК депутаты Насыр Мусаев
ЖК депутаты Насыр Мусаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Насыр Мусаев 1958-жылы 1-сентябрда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган.

Билими:

1965 – 1973 — Токмок шаарындагы №11 орто мектепте окуган;

1977 — Токмоктогу Айыл чарбасын механизациялоо жана электрификациялоо техникумунун айыл-чарба өндүрүшүнүн электрик-механиги адистиги боюнча билим алган;

Чүй университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

1977 — Токмоктогу баштапкы кайра иштеп чыгуу фабрикасында техник-механик;

1978 – 1980 — Москва Аскер округунда Советтик Армияда кызмат өтөгөн;

Аскердик кызматты аяктагандан кийин Токмокко кайтып келип №23-СПТУда директордун орун басары болуп иштеген.

1988 – 1991 — №23- шаардык ПТУ директорунун орун басары;

1992 — жеке ишкер;

1993 – 1996 — "Интур-Азия" туристтик фирмасынин башчысы;

1996 – 2001 — "Жетиген" туристтик фирмасынын директору;

2000 — Токмок округу боюнча Чүй облустук кеӊешинин депутаты;

2001 – 2018 — "Ним Компани" ЖЧКсынын директору;

2000 – 2004 — Чүй облустук кеӊештин депутаты;

2004 — КР ЖКнын депутаттыгына талапкер;

2007 — Токмок шаардык кеӊешинин депутаты;

2013-жылга чейин КРдеги Дунгандар Ассоциациясы коомдук уюмунун вице-президенти.

2018-жылдын 18-апрелинен тарта Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Кыргызстан" фракциясынын депутаты.

Башка маалыматтар:

Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0