Молдошева Динара Автандиловна — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба КыргызпатентаДинара Молдошева
Динара Молдошева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Динара Молдошева 1979-жылы 24-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен айылында төрөлгөн.

Билими:

  • Бишкек гуманитардык университетин саясат таануу адистиги боюнча аяктаган. Улуттук илимдер академиясынан философия жана укук боюнча аспирантураны бүтүргөн. 
  • Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынан эл аралык мамилелер адистиги боюнча билим алган.
Эмгек жолу:
  • 2007 – 2010 — Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышында "Ак-Жол" фракциясынан депутат;
  • 2011 – 2012 — Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директор орун басары, өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү;
  • 2014 – 2017 — Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү;
  • 2.05.2018 — Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы.

Башка маалыматтар:

  • Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.
Жаңылыктар түрмөгү
0