Гүлнара-Клара Самат (Клара Кабилова)

Гүлнара-Клара Самат (Клара Кабилова) өмүр баяны

218
(жаңыланган 17:54 17.05.2018)
Гүлнара-Клара Самат (Клара Кабилова) 1963-жылдын 20-августунда Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында төрөлгөн. "Конфликтология: саясий процесстер жана технология" адистиги боюнча жогорку билимдин ээси.

Анын эмгек жолу 1986-жылы башталган. Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде эмгектенген. Ошондой эле КМШнын экономикалык кеңешинин консультанты, Абхазиядагы конфликтини жөнгө салуу боюнча КМШнын жумушчу тобун жетектеген.

2006-жылы президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы болуп дайындалган.

2006-2007 — президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун жетекчиси;

2008-жылга чейин Кыргызстандын Боршайкомунун төрайымы болгон. Бирок кийин президенттин уулу Максим Бакиев ага кысым көрсөтүп жатканын жар салып, чет өлкөгө чыгып кеткен. Кыргызстанга кайра 2009-жылы кайтып келген.

Ал өзүнүн аты жөнүн 2015-жылы Гүлнара-Клара Самат деп өзгөртүп алган.

2018-жылдын 15-майында БШК аны "Ата Мекен" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты катары каттоодон өткөрдү.

218
Белгилер:
биография, депутат, өмүр баян, Гүлнара-Клара Самат
Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев

Дүйшекеев Дастан Станбекович өмүр баяны

444
(жаңыланган 14:41 01.12.2020)
Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев 1987-жылы төрөлгөн, 33 жашта.

Билими:

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде "Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер" адистиги боюнча билим алган. Кийин Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

MegaCom бренди менен таанымал "АльфаТелеком" компаниясында иштеген. Кийин коомдук тамактануу жана курулуш компанияларында эмгектенген. Жогорку Кеңештин депутатынын коомчулук менен иштешүү жаатындагы жардамчысы болгон.

2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Кыргызстан" саясий партиясынын Ысык-Көл облусу боюнча координатору болгон.

2020-жылдын 1-декабрынан тарта президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

444
Белгилер:
Дастан Дүйшекеев, таржымал, өмүр баян
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова

Солтонбекова Ализа Карыпбековна өмүр баяны

8348
(жаңыланган 22:22 25.11.2020)
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова 1978-жылы 5-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн.
  • Билими:
    1999-жылы Бишкектеги Алиаскар Токтоналиев атындагы финансы экономикалык техникумунун "өндүрүштүк ишканалардын финансысы" адистигин артыкчылык менен аяктаган;
  • 2005-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин "финансы жана кредит" адистигин артыкчылык менен аяктаган;
  • 2011-жылы Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын "менеджмент" адистигин бүтүргөн;
  • 2016-жылы Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиянын "эл аралык мамилелер" адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1995-1998 — Н. Биримкулов атындагы орто мектебинин мугалими;
  • 1999-2003 — Ивановка айылындагы №1 орто мектебинин мугалими;
  • 2003-2004 — Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин төрайымы, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча адис;
  • 2004-2008 — Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси;
  • 2008-2010 — Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;
  • 2012-2017 — Өкмөттүн аппаратында каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-2018 — Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык суроолор боюнча орун басары;
  • 2018-2020 — Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары.
  • 2020-жылдын 25-ноябрынан тарта эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри.

Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.

8348
Белгилер:
справка, таржымал, кызмат, Өмүр баяны, министр, Ализа Солтонбекова
Тема боюнча
Ализа Солтонбекова министрлик ишине расмий киришти
Зулпиев Бектур Рысбаевич — өмүр баяны

Каракчылыкка шектүүнү Бишкекте спецназ кармады. Видео

0
(жаңыланган 23:09 02.12.2020)
Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бишкекте Криминалдык милициянын кызматкерлери спецназ жоокерлери менен биргеликте мыкаачылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.

Кармоо учурундагы видеону Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү "Жер ынтымагы" конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыйынтыгында 32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

0
Белгилер:
шектүү, каракчылык, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды