Рыскулова Айгүл Маратбековна — өмүр баяны

Жазылуу
Айгүл Рыскулованын өмүр баянын Sputnik Кыргызстан агенттигинин таржымалынан окуңуздар.

Билими:

1995 — Москва шаарында Эмгек жана социалдык мамилелер академиясын аяктаган.

Квалификациясы: Эмгек экономисти

1983 — Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1982-1987 — Аламүдүн районунун элдик сотунун сот отурумунун катчысы;

1987-1989 — Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун жазык иштери боюнча улук катчысы;

1989-1990 — Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун консультанты;

1990-1995 — Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун төрагасынын жардамчысы;

1995-1996 — Бишкек шаарынын жумуштуулук боюнча башкы башкармалыгынын 1-категориядагы юрист-консультанты;

1996 — Укуктук бөлүмдүн начальниги;

1996-1997 — Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин Жыйынды-экономикалык башкармалыгынын начальниги;

1997 — Социалдык коргоо башкы башкармалыгынын жетекчиси;

1997-2003 — Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине караштуу Калктын жумуштуулугу боюнча мамлекеттик департаментинин директору;

2003-2005 — Социалдык фонддун аппарат жетекчиси;

2005 — Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары;

2006 — Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы;

2006-2007 — Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымынын милдетин аткаруучу;

2007 — Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы;

2009-2010 — Эмгек, жумуштуулук жана миграция министри;

2010 — КР Президентинин кеңешчиси;

2011 — Калкты социалдык жактан коргоо боюнча министри;

2012 — Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы, Жаштар, эмгек жана жумуштуулук министрлигине караштуу "Ала-Тоо Финанс" микронасыялык агенттигинин байкоо кеңешинин төрайымы,

2013 — Заманбап мамлекеттик миграция саясатын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтун жетекчиси, Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын стратегиялык маселелери боюнча кеңешчиси;

2014-2018 — Бишкек шаарынын вице-мэри;

2018-жылдын 25-майында Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан бошотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0