Келдибаев Сагындык Аширалиевич — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание депутатов в Жогорку Кенеш
Заседание депутатов в Жогорку Кенеш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сагындык Келдибаев 1967-жылы 24-августта Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылында туулган.

Билими:

1988 – 1993 — К. И. Скрябин атындагы кыргыз айыл-чарба институтун ветеринардык дарыгер адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

1986 – 1988 — Советтик Армияда кызмат кылган (Россия);

1993 – 1996 — Өзгөн районунун "Ничкесай" колхозунун башкы зоотехник-ветеринар дарыгери;

1996 – 1999 — Өзгөн районунда "Баштык" дыйкан чарбасында башкы бухгалтер;

1998 – 2001 — Ош облусунун Өзгөн району боюнча "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо" уюмунун директору;

2001 – 2005 — "МЕДЕКС" ЖЧКсынын коммерциалык директору;

2005 – 2009 — "Содружество" ЖЧКсынын соода комплексинин администратору;

2009 – 2012 — "Арбий" ЖЧКсынын аткаруучу директору;

2012 – 2013 — "АСАГА+" ЖЧКсынын директору;

2015 — "Сиблес Азия" ЖЧКсынын директору;

2018 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат.

Башка маалыматтар:

2001 – 2004 — "Достук" коомдук уюмунун башкармалыгынын мүчөсү;

2005 — Красноярск шаарындагы "Кыргыз улуттук маданий автономия" коомдук уюмунун өкүлү;

2010 — "Кыргыз улуттук маданий автономия" жергиликтүү уюмунун ардактуу төрагасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0