Каниметов Мирлан Дотанович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мирлан Каниметов 1970-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Мойнок айылында туулган.

Билими:

КР ИИМдин академиясын юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

Ички иштер органдарында 1991-жылдан тарта эмгектенет. Алгач ички иштер органдарында КР ИИМдин Коргоо башкармалыгынын полкунда милиция кызматкери болуп баштаган;

Ыкчам аракеттеги бөлүмдөрдүн түрдүү кызматтарында иштеген;

Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгында бөлүм башчы. Кийин жетекчи орун басар жана жетекчи болгон;

ИИМдин мамлекеттик коргоонү уюштуруу башкармалыгын жетектеген.

Мамлекеттик "Эрдик" медалын алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0