Эстрадалык ырчы Анжелика Турдушаева. Архив

Турдушаева Анжелика Кайратовна өмүр баяны

7379
Эстрадалык ырчы Анжелика Турдушаева 1989-жылы 12-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Билими:

1-5-класска чейин Мукаш Абдраев атындагы музыкалык интернаттан кыл кыяк боюнча билим алган;

11-классты борбодогу №38 орто мектебинен аяктаган;

2007-2013-жылдары Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы жаңы маалымат технологиялар институтунун экономика бөлүмүн бүтүргөн.

Чыгармачылык жолу:

1997-жылы чоң сахнага "Айчүрөк" эстрада театрынын курамында чыккан;

2007-жылдан тарта жеке ырчы катары эмгектене баштаган;

2017-жылдан тарта Коомдук телерадио корпорациясындагы "Бактылуу айым" берүүсүнүн алып баруучусу

Сыйлыктары:

2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган;

Ушул эле "Жылдыздар манежде" шоу сынагынын жеңүүчүсү аталган.

Үч кыздын энеси. Ишкерлик менен алектенет.

7379
Белгилер:
чыгармачылык, билим, ырчы, өмүр баян, Анжелика Турдушаева, Анжелика Бекболиева
Артур Александрович Цветков

Артур Александрович Цветков (Арчи) өмүр баяны

158
Артур Цветков 1-январда Москва шаарында төрөлгөн. Чыныгы аты-жөнү Владимир Бурчаков.

Аны балдар үйүнө берип коюшкандыктан бир жашынан тарта Артамоновдордун үй-бүлөсүндө (атасы аскер, энеси үй кожойкеси) тарбияланып, көп жыл ушул фамилияны алып жүргөн. Азыр мурдагы жубайынын фамилиясын алып жүрөт. Ар кайсы мектепте окуган, көбүнчө Будапешт менен Минскиде билим алган. Андан кийин колледждин экономика факультетине жана эл аралык NBA бизнес-мектебине тапшырган.

Ишмердүүлүгү:

  • 17 жашында Минскиде моделдик агенттикти ачкан;
  • Андан кийин Москвага көчүп келип, клубда менеджер жана башкаруучу, официант, модель, диджей болуп иштеген;
  • 2003-жылдан тарта Муз ТВ телеканалында иштей баштаган. Алгач кабарчы, андан соң МузZone жана "Натуральный обмен" берүүлөрүн алып барган;
  • 2004-2006 — MTV каналында иштеген. Ал жакта бир катар хит-парад менен берүүлөрдү алып барып, ошол жактан Арчи каймана атын алган. Ошондой эле ТНТ каналында эртең мененки берүүнүн дагы алып баруучусу болгон;
  • 2007 — Next радиосунда Up Show аталышындагы эртең мененки программанын алып баруучусу;
  • С 2007— "Ночной десант" тобунун продюсери жана катышуучусу;
  • 2008 — Россиянын уюштуруу комитети тарабынан Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземинин алып баруучусу болгон;
  • 2009 — Pach клубунун креативдүү директору;
  • Цветков "Клуб" сериалына тартылган. Корпоративдик иш-чараларды алып барып, Мамлекеттик башкаруу университетинде музыкалык менеджмент боюнча лекция окуганы белгилүү. Ошондой эле ал лейкоз менен жабыркаган балдарга жардам берген кайрымдуулук фондунун мүчөсү болгон.

Жубайы менен ажырашкан, бир уулу бар.

 

158
Белгилер:
Артур Цветков, алып баруучу, өмүр баян, Москва
Заместитель муфтия Кыргызстана Замир кары Ракиев во время проповедей

Ракиев Замир Шейшенбекович өмүр баян

1052
(жаңыланган 20:01 10.08.2020)
Шаарга жаңы дайындалган казы Замир каары Ракиевдин өмүр баяны менен эмгек жолун Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымалдан" таанышсаңыз болот.

Замир Ракиев 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Бишкек борбордук мечитинин Куран жаттоо медресесин аяктаган.

Билими:

Египеттеги Аль Азхар Ислам университетинен билим алууну улантып, "Университетке даярдоо курсу" жана "Дин негиздери" багыты боюнча билимин жогорулаткан. Бишкек гуманитардык университетинен "Чыгыш таануу — Магистр" адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 2007-2008 — Чүй облусунун Аламүдүн району, "Абу Бакр Сыддык" медресесинин мугалими;
  • 2008-2010 — Чүй облусунун Аламүдүн району, "Абу Бакр Сыддык" медресесинин директору;
  • 2010-2011 — Нарын облусунун казысы;
  • 2011-2016 — Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары;
  • 2016-2017 — Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-жылдын май айынан тарта муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген.

2020-жылдын 10-августунда Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалды.

Үй-бүлөлүү, бир уул, эки кыздын атасы. Араб, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

1052
Белгилер:
казыят, Бишкек, Замир Ракиев, өмүр баян, таржымал
Күйүп жаткан унаа. Архив

Жабыла чуркап сууруп чыгышты. Өрттөнгөн унаадагы кишилерди куткарган видео

68
Алдын ала маалыматтар боюнча, унаанын тормоз системасында көйгөй жаралгандыктан айдоочу рулду башкара албай калган.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек — Ош трассасында унаа капталына кулап, күйүп кетти. Жабыркагандар бар. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Ал эми жеринен тартылган видеону Instagram тиркемесиндеги Shtraf.kg баракчасы жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Штраф KG🇰🇬🚔 (@shtraf__kg)

Кадрдан көрүнүп тургандай, кырсыктын күбөлөрү Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын ичинен жүргүнчүлөрдү чыгарууга жардам беришкен. Унаанын ичинде үч чоң адам жана эки бала болгон.

Милициянын маалыматына караганда, кырсык кечээ күнү саат 14:00дөр чамасында, трассанын 117-чакырымында катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаанын тормоз системасында көйгөй жаралган. Натыйжада айдоочу рулду башкара албай калып, унаа капталына оодарылып, өрт чыккан.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу менен жубайы жабыркап, ооруканага жеткирилгени айтылды.

68
Белгилер:
жол кырсык, трасса, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Оштогу автокырсыктан 10 киши жабыркады