Ырчы Самара Каримованын архивдик сүрөтү

Каримова Самара Эрмековна өмүр баяны

3989
(жаңыланган 10:29 14.07.2018)
Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Өзгөрүш айылында төрөлгөн.

Үй-бүлөсү:

Атасы Эрмек Каримов аккордеондо ойноп, бир нече тилде обон созот. Кесиби боюнча орус тили жана адабиятынан мугалим. Апасы Разия Шарипова КРдин ардактуу медициналык кызматкери. Самара сегиз бир туугандын жетинчиси. Алты эжеси жана иниси бар.

Жеке жашоосу:

Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси. Жолдошу Аман Мансуров Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Түштүк аймагы боюнча маданий борборунун жетекчиси.

Билими:

1998-2009 — Өзгөрүш айылындагы Наргозу Батыров атындагы мектептен билим алган.

2014 — Кыргыз-түрк Манас университетинин актерлук бөлүмүн бүтүргөн.

Чыгармачылык жолу:

2010-жылдан тарта Султан Ибраимов атындагы Ош драма театрынын актрисасы, жеке ырчы.

2016-жылдан бери "Самара" театралдык тобунун жетекчиси.

Акыркы жылдары актриса катары күчүн сынап келет. "Илегилек" спектаклинде башкы ролду ойноп, "Акшоола" телесериалына тартылууда.

Жетишкендиктери:

2014 — Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык конкурстун баш байге ээси. Таттыбүбү Турсунбаева, Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты.

2017 — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.

3989
Белгилер:
ыр, театр, чыгармачылык, Өмүр баяны, Самара Каримова
Пикирлер